Sputnik Кыргызстан агенттиги абитуриенттерге жардам иретинде КУУ тууралуу бардык маалыматтарды чогултту.
Кыргыз улуттук университетинин базасында (КУУ) 22 факультет, 2 кесиптик колледж жана бир гимназия бар. 2089 педагог эмгектенип, окуу жай 58 багыт боюнча бакалаврларды даярдайт.
КУУга кантип өтүү керек?
КУУга документтерди кабыл алуу Билим берүү жана илим министрлигинин тийиштүү буйругу чыккан соң министрликтин сайтында онлайн форматта башталат.
Гранттык жана контракттык орундарга кабыл алуу жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт.
КУУнун бюджетине жана контрактына кирүү үчүн көрсөтүлгөн ЖРТнын босого баллы министрликтин буйругу менен бекитилет.
Тиешелүү окуу тармагында көрсөтүлгөн предметтик тесттин жыйынтыгы да талап кылынат. Эгерде сиз университеттин инженердик факультетине тапшырууну пландасаңыз, анда негизги тесттен тышкары физика же математика боюнча кошумча тест талап кылынат (кеминде 60 балл).
ЖРТ сертификатын алгандан кийин абитуриент 2020.edu.gov.kg сайтына катталып, өзүнүн профилин толтурушу керек.
Кыргызстандын бардык жогорку окуу жайлары министрликтин сайтында керектүү маалыматтарды камтуу менен көрсөтүлөт. Сиз ЖОЖду, багытты, адистикти тандап, ЖРТнын электрондук билетин тапшырышыңыз керек.
КУУга кабыл алуу боюнча сынак бардык бош орундар толукталганга чейин өткөрүлөт. Билет тапшыра турган 2020.edu.gov.kg үчүн турлардын максималдуу саны — үч.
Эгерде сынактын жыйынтыгы ийгиликтүү болсо, сиз кабыл алуу процедурасынан өтүп, өз адистигиңиз боюнча окууга ниетиңизди окуу жайына ырасташыңыз керек. Бул үчүн кыска мөөнөт ичинде автоматташтырылган маалымат системасына паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк, жалпы орто билими жөнүндө аттестат же орто кесиптик билими тууралуу диплом, аттестаттын титул барагы, окуу акысын төлөгөндүгү тууралуу квитанция (же келишим) тиркелиши керек. Бардык документтердин түп нускасы окуу жылынын башында КУУга тапшырылышы керек.
КУУга тапшырууга керектүү документтер:
1.
жалпы орто же орто кесиптик билимин тастыктаган мамлекеттик документ;2.
№086/ж медициналык аныктама;3.
3х4 өлчөмүндөгү 6 сүрөт;4.
паспорттун көчүрмөсү (туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү);5.
ЖРТ сертификатынын оригиналы;6.
каттоо күбөлүгүнүн аскердик билетинин көчүрмөсү.КУУга документ кабыл алуу 12-июлда башталып, 31-июлда бүтөт.
Улуттук университеттин окуу процесси баллон системасы менен төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлөт:
1.
Бакалавриат: күндүзгү, сырттан окуу, 58 багыт боюнча;2.
Адистикке: күндүзгү жана сырттан окуу, беш багыт боюнча;3.
Магистратура: күндүзгү жана сырттан окуу, 32 багыт боюнча;4.
Орто-кесиптик билим берүү боюнча: күндүзгү жана сырттан окуу, 14 багыт боюнча;5.
Экономика-педагогикалык факультетте (Ош) – сырттан окуу 10 багыт боюнча.КУУнун факультеттери:
Математика, информатика жана кибернетика
Физика жана электроника
Химия жана химиялык технология
Биология
Тарых жана чөлкөм таануу
География, экология жана туризм
Журналистика
Кыргыз филология
Орус жана славян филологиясы
Кыргыз-Европа факультети
Эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу
Башкаруу жана бизнес
Социалдык-гуманитардык илимдер
Экономика
Юридикалык факультет
Кыргыз-Кытай факультети
Маалыматтык жана инновациялык технологиялар
Педагогикалык факультет
Чет тилдер
Кадрлардын квалификациясын жогорулатуу, кайра даярдоо
Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу
Дене тарбия жана ден соолук, спорт борбору.
Кыргыз улуттук университетинин окуу төлөмү:
Университетте эң жогорку келишимдик баа Кыргыз-Европа факультетинде (КЕФ), ага студент жылына 46 500 сом төлөйт. Бул факультетте экономикага байланышкан адистер даярдалат. Эң арзан контракттык төлөм — жылына 31 000 сом. Мындай каражат менен физика, химия, кыргыз филологиясы факультеттеринин студенттери окушат. Ал эми жылына университетке студенттерден 485 миллион сом түшүп турат. Статистика боюнча, бюджеттик орундар 30 пайызга кыскарган.
Окуу төлөмүнүн жогорулашы базар экономикасына, инфляцияга жараша болот. Кээ бир факультеттер окутуу баасын 5-10 пайызга жогорулатып жатышат. Айрым факультеттерде контракт жогоруласа, кээ биринде түшүп калат. Окуу төлөмү сом менен эсептелет.
Журналистика факультети
Багыттары:
Журналистика
Күндүзгү бөлүм – 34 000
Сырттан окуу – 32 000
Жарнама жана коомчулук менен байланыш
Күндүзгү бөлүм – 34 000
Сырттан окуу жок
Телевидение
Күндүзгү бөлүм – 34 000
Сырттан окуу жок
Математика жана информатика факультети
Багыттары:
Математика
Күндүзгү бөлүм – 32 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
Прикладдык математика жана информатика
Күндүзгү бөлүм – 34 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
Прикладдык информатика
Күндүзгү бөлүм – 34 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
Тарых жана чөлкөм таануу факультети
Багыттары:
Тарых
Күндүзгү бөлүм – 33 000
Сырттан окуу бөлүмү – 31 000
Чөлкөм таануу
Күндүзгү бөлүм – 33 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
Физика жана электроника факультети
Багыттары:
Физика
Күндүзгү бөлүм – 32 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
Техникалык физика
Күндүзгү бөлүм – 32 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
Химиялык технология факультети
Багыттары:
Химия
Күндүзгү бөлүм – 31 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
Химиялык технология
Күндүзгү бөлүм – 32 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
Биология факультети
Багыттары:
Биология
Күндүзгү бөлүм – 34 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
Биотехнология
Күндүзгү бөлүм – 34 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
Биоэкология
Күндүзгү бөлүм – 34 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
Биология. Лабораториялык иш
Күндүзгү бөлүм – 43 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
География, экология жана туризм факультети
Багыттары:
География
Күндүзгү бөлүм – 34 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
Экология жана жаратылышты пайдалануу
Күндүзгү бөлүм – 34 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
Туризм
Күндүзгү бөлүм – 34 000
Сырттан окуу бөлүмү – 34 000
Гидрометеорология
Күндүзгү бөлүм – 34 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
Кыргыз филология факультети
Багыттары:
Кыргыз филологиясы
Күндүзгү бөлүм – 31 000
Сырттан окуу бөлүмү – 30 000
Лингвистика (түрк тили)
Күндүзгү бөлүм – 34 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
Котормо жана котормо таануу (түрк тили)
Күндүзгү бөлүм – 34 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
Котормо жана котормо таануу (кыргыз тили)
Күндүзгү бөлүм – 31 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
Кыргызча эмес мекемелерге кыргыз тилин үйрөтүү
Күндүзгү бөлүм – 31 000
Сырттан окуу бөлүмү – 30 000
Орус жана славян филологиясы факультети
Багыттары:
Чет өлкөлүк жарандарды "тил илими" (орус тили чет тили катары) адистиги боюнча окутуу – 76 000
Филология (орус)
Күндүзгү бөлүм – 32 000
Сырттан окуу – 31 000
Лингвистика (орус тили чет тили катары)
Күндүзгү бөлүм – 32 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
Филологиялык билим берүү (орус тили жана адабият, поляк тили)
Күндүзгү бөлүм – 32 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
Котормо жана котормо таануу
Күндүзгү бөлүм – 32 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
Социалдык жана гуманитардык илимдер факультети
Багыттары:
Философия
Күндүзгү бөлүмү – 31 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
Маданият таануу
Күндүзгү бөлүм 31 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
Психология
Күндүзгү бөлүм – 31 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
Дин таануу
Күндүзгү бөлүм – 31 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
Социалдык иш
Күндүзгү бөлүм – 31 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
Теология
Күндүзгү бөлүм – 31 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
Педагогика (педагогика жана психология)
Күндүзгү бөлүм – 31 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
Классикалык психология
Күндүзгү бөлүм – 31 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
Чет тилдери факультети
Багыттары:
Лингвистика (англис тили)
Күндүзгү бөлүм – 38 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
Лингвистика (немец тили)
Күндүзгү бөлүм – 34 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
Лингвистика (француз тили)
Күндүзгү бөлүм – 34 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
Лингвистика (түрк тили)
Күндүзгү бөлүм – 34 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
Европа таануу
Күндүзгү бөлүм – 34 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
Компьютердик лингвистика
Күндүзгү бөлүм – 34 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
Котормо жана котормо таануу (англис тили)
Күндүзгү бөлүм – 41 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
Котормо жана котормо таануу (немец тили, француз тили)
Күндүзгү бөлүм – 41 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультети
Күндүзгү бөлүм – 37 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
Маалыматтык жана инновациялык технологиялар факультети
Багыттары:
Маалыматтык системалар жана технологиялар
Күндүзгү бөлүм – 36 000
Сырттан окуу бөлүмү – 36 000
Маалыматтык коопсуздук
Күндүзгү бөлүм – 36 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
Информатика жана компьютердик инженерия
Күндүзгү бөлүм – 36 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
Программалык инженерия
Күндүзгү бөлүм – 36 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
Бизнес-информатика. Маалыматтык технология
Күндүзгү бөлүм – 36 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
Эл аралык мамилелер факультети
Багыттары:
Эл аралык мамилелер
Күндүзгү бөлүм – 43 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
Чыгыш таануу, африканистика
Күндүзгү бөлүм – 39 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
Кыргыз-Европа факультети
Багыттары:
Кыргыз-европа факультетинде бардык багыттар боюнча чет өлкөлүк жарандарды адистиктер боюнча окутуу
Күндүзгү бөлүм – 56 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
Экономика жана башкаруу
Күндүзгү бөлүм – 46 500
Сырттан окуу бөлүмү жок
Бизнести башкаруу
Күндүзгү бөлүм – 46 500
Сырттан окуу бөлүмү жок
Бизнести башкаруу факультети
Багыттары:
Менеджмент
Күндүзгү бөлүм – 35 000
Сырттан окуу бөлүмү – 32 000
Коммерция
Күндүзгү бөлүм – 32 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
Сапатты башкаруу
Күндүзгү бөлүм – 32 000
Сырттан окуу бөлүмү – 31 000
Маркетинг
Күндүзгү бөлүм – 32 000
Сырттан окуу бөлүмү – 31 000
Экономика факультети
Экономика
Күндүзгү бөлүм – 39 000
Сырттан окуу бөлүмү – 38 000
Юридика факультети
Багыттары:
Юриспруденция
Күндүзгү бөлүм – 43 000
Сырттан окуу бөлүмү – 40 000
Соттук экспертиза
Күндүзгү бөлүм – 39 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
Бажы
Күндүзгү бөлүм – 38 000
Сырттан окуу бөлүмү – 30 000
Кыргыз-Кытай факультети
Багыттары:
Лингвистика (кытай тили)
Күндүзгү бөлүм – 35 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
Филологиялык билим (кытай тили)
Күндүзгү бөлүм – 33 000
Сырттан окуу бөлүмү – 32 000
Кытай таануу
Күндүзгү бөлүм – 36 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
Котормо жана котормо таануу
Күндүзгү бөлүм – 36 500
Сырттан окуу бөлүмү жок
Дарылоо иши (адис), чет элдик жарандарды окутуу
Күндүзгү бөлүм - 202 000
Педагогика факультети
Багыттары:
Педагогика
Күндүзгү бөлүм – 31 000
Сырттан окуу бөлүмү – 30 000
Филология (кыргыз тили жана адабияты)
Күндүзгү бөлүм – 31 000
Сырттан окуу бөлүмү – 30 000
Филологиялык билим берүү (чет тили)
Күндүзгү бөлүм – 31 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
Физико-математикалык билим берүү (математика)
Күндүзгү бөлүм – 31 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
Табигый – илимий билим берүү (география)
Күндүзгү бөлүм – 31 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
Кесиптик колледж
Багыттары:
Укук таануу
Күндүзгү бөлүм – 37 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
Экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча)
Күндүзгү бөлүм – 37 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
Финансы (тармактар боюнча)
Күндүзгү бөлүм – 37 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
Банк
Күндүзгү бөлүм – 37 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
Салык жана салык чогултуу
Күндүзгү бөлүм – 37 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
Менеджмент (тармактар боюнча)
Күндүзгү бөлүм – 37 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
Котормо иши (кытай тили)
Күндүзгү бөлүм – 37 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
Маалыматты иштетүүнүн автоматташтырылган системалары жана башкаруу (тармактар боюнча)
Күндүзгү бөлүм – 37 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
ЭЭМ үчүн программалык камсыздоо жана автоматташтырылган системалар
Күндүзгү бөлүм – 36 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
Прикладдык математика
Күндүзгү бөлүм – 32 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
Башталгыч класстарды окутуу
Күндүзгү бөлүм – 30 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
Мектепке чейинки билим берүү
Күндүзгү бөлүм – 30 000 сом
Сырттан окуу бөлүмү жок
Социалдык педагогика
Күндүзгү бөлүм – 30 000
Сырттан окуу бөлүмү жок
КУУ өлкөнүн казынасы үчүн жылына канча каражат төгөт:
Мамлекетке улуттук университет киреше булагы жана социалдык фонд боюнча салык төлөйт. Контракттын акчасынан айына 24 миллион сом мугалимдерге айлык катары берилет. Мамлекеттен университетке бюджеттик орундар үчүн жылына 40 миллион сом бөлүнөт. Анын 60-70 пайызы мугалимдердин айлыгына кетет. Мисалы, улук окутуучу үчүн мамлекет 6 миң сом айлык караса, университет ага саатына, илимий даражасына жараша акча кошуп берет. Калган 12 миллион сом казынага салык катары кетет. Ошондо эсептей келгенде бир жылда 144 миллион сом мамлекеттин бюджетине төгөт.
Контракттан тышкары төрт жатаканадан жылына 12 миллион сом, университеттин Ысык-Көлдөгү пансионатынан 6 миллион сом жана сегиз диссертациялык кеңештен да каражат түшүп турат. Окуудан тышкары ушуга окшогон дагы киреше булактары бар.
Свет, суу, коммуналдык төлөмдөргө ж.б. тейлөөлөр боюнча өлкөнүн казынасына университет тарабынан жылына 564 миллион сом түшөт.
КУУ тууралуу кошумча маалымат:
2016-2017-окуу жылындагы маалыматтар боюнча КУУда окутуучулук-профессордук курамдын штаттагы кызматкерлеринин саны 2654 болгон. Анын ичинен 1908 кызматкердин окумуштуулук даражасы бар, бул штаттагы кызматкерлердин 71,9 пайызын түзөт. Ошондой эле КУУда көмөкчү орунда 271 кызматкер бар, алардын ичинен 183 адам окумуштуулук даражага ээ. Бул алардын жалпы санынын 67,5 пайызын түзөт. Жалпысынан КУУда 2837 адам иштейт, алардын ичинен 2091 (73,7%) окумуштуулук даражага ээ, ал эми 103 илимдин доктору даражасына ээ, ошондой эле 469 илимдин кандидаты, 67 профессор жана 339 доцент бар.
© предоставлено Центральным Госархивом КР
Улуттук университеттин тарыхы:
Кыргыз улуттук университети өлкөдөгү жогорку билим берүүнүн көч башы болгон окуу жайлардын бири.
Кыргыз автономиялуу облусу түзүлгөн соң 1924-жылы 19-октябрында Ташкент, Алматы шаарларында Агартуу институттары пайда болот. 1925-жылдын 25-октябрында автономиялуу облустун администрациясы Кыргыз агартуу институтун ачуу жөнүндө чечим кабыл алат. Институттун алгачкы карлыгачтарын Ташкент жана Алма-Ата шаарларында билим алган кыргыз жаштары түзгөн. Окуу жайдын билим берүү мөөнөтү алгач 7 жыл болуп, анын үч жылы даярдоо бөлүмү, калган 4 жылы негизги курс болгон.
1929-жылдын августунда Кыргыз автономиялуу облусунун комитетинин пленумунун чечими менен алгачкы имаратын куруу, жабдуу, окутуучуларды жана башка кызматчыларды ишке чакыруу милдеттери жүктөлгөн.
1932-жылы 13-январда РСФСРдин Элдик комиссариатынын кеңешинин токтомуна ылайык, Борбордук педагогикалык техникумдун базасында Фрунзе педагогикалык институту ачылат. Анда биология, физика-математика, адабият жана коомдук илимдер өңдүү 4 факультет түзүлгөн. Институт биринчи окуу жылын 1932-жылдын 30-октябрында баштап, 1932-жылдын 5-ноябрында педагогикалык институттун расмий ачылышы жасалган.
1951-жылдын 24-майында СССР министрлер совети "Фрунзедеги кыргыз педагогикалык институтунун базасында Кыргыз мамлекеттик университетин түзүп, геология жана геодезиялык, тарых, филология, физмат, биология факультеттеринин негизинде окуу жайга биринчи категориядагы Жогорку окуу жайы статусун берүү" жөнүндө токтом кабыл алган.
Кыргызстан КП БКнын жана Кыргыз ССРинин министрлер совети 1972-жылы 1-декабрынан №505 токтому менен университетке "СССРдин 50 жылдыгы атындагы кыргыз мамлекеттик университети" наамы ыйгарылган.
1993-жылдын 11-августунда президенттин жарлыгынын негизинде Кыргыз мамлекеттик улуттук университети КМУ деп аталат. Ал эми 2002-жылдын 11-майында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети (КУУ) болуп өзгөртүлгөн.
Как выглядели учебные заведения Кыргызстана в ХХ веке
© Фото / Центральный Государственный Архив Кинофотофонодокументов КР
Университеттин белгилүү бүтүрүүчүлөрү:
Шабданбай Абдраманов – Кыргыз эл жазуучусу;
Казат Акматов – Кыргыз эл жазуучусу;
Мар Байжиев – Кыргыз эл жазуучусу, драматург;
Арон Брудный – окумуштуу, КРдин Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти;
Турдакун Усубалиев – КР КПсынын биринчи катчысы;
Жолборс Жоробеков – мамлекеттик жана коомдук ишмер, педагог, тарыхчы, илимдин доктору;
Аманбек Жайнаков – КРдин Улуттук илимдер академиясынын академиги, физика-математика илимдеринин доктору, профессор, эл мугалими;
Темир Жумакадыров – КРдин Коргоо кеңешинин катчысы;
Мурзабек Иманалиев – КРдин УИАсынын академиги, РИАнын мүчө-корреспонденти, илимдин доктору, профессор;
Меңди Мамазаирова – Кыргыз эл акыны, СССР жана Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү,
Төлөгөн Касымбеков – Кыргыз эл жазуучусу, КРдин Баатыры;
Владимир Плоских – кыргыз окумуштуусу, тарыхчы, археолог, тарых илимдеринин доктору, профессор, КРдин УИКсынын академиги;
Шатман Садыбакасов — жазуучу, драматург, акын, журналист;
Улан Сарбанов – КРдин Улуттук банкынын экс-төрагасы;
Вячеслав Шаповалов – Кыргыз эл акыны, филолог-окумуштуу, профессор, КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер;
Өзгөрүш Шаршекеев – кыргыз окумуштуусу, физика илимдеринин доктору, профессор, КРдин УИАсынын мүчө-корреспонденти;
Алмаз Кененбаев – Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы.
Жусуп Баласагын атындагы КУУнун ректорлору:
1951-1954-жылдары — Бегималы Жамгырчинов;
1954-1960-жылдары — Болот Юнусалиев;
1960-1977-жылдары — Салмоорбек Табышалиев;
1977-1979-жылдары — Мурзабек Иманалиев;
1979-1986-жылдары — Каип Оторбаев;
1986-1992-жылдары — Үсөн Асанов;
1992-1998-жылдары — Советбек Токтомышев;
1998-2000-жылдары — Алтай Бөрүбаев;
2000-2005-жылдары — Аскар Какеев;
2005-2006-жылдары — Ишенгүл Болжурова (ректордун м.а.);
2008-2008-жылдары — Ырысбек Өмүрканов;
2008-2009-жылдары — Амангелди Бекбалаев;
2009-2010-жылдары — Досбол Нур уулу;
2010-2011-жылдары — Алыбек Акунов;
2011-2014-жылдары — Искендер Исамидинов;
2015-2017-жылдары — Чынара Адамкулова;
2017-жылдан бери — Канат Садыков.
Окуу жайдын дареги:
М. Фрунзе көчөсү, 547;
Телефондору: 0312 32 33 94, 0312 34 01 68, 0312 32 21 73;
Сайт: www.knu.kg