"Сак саламат" Д витамини жетишпегенде жаралчу оорулардын белгилерин санап берди

50 жашка чейин адамга күнүнө 15-20 микрограмм Д витамини керек болот.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Күндүн энергиясы теридеги Д3 витаминин иштеп чыгууга көмөктөшөт да, боорго жана бөйрөккө өтүп, ал жерде активдүү Д витаминине айланат. Бул тууралуу кыргызстандыктардын ден соолугун сактоого жана чыңдоого маалымат берген "Сак саламат" телеграм-каналы жазды.
Эске салсак, "Сак саламат" — Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун телеграм-каналы кыргызстандыктарга ден соолукка кам көрүү жаатында кеп-кеңештерди берип келет.
Канал аталган витаминдин жетишсиз болгону гиповитаминозго алып келерин айтып, белгилерин санап берген:
алсыздык;
баш ооруйт;
булчуңдар ооруйт;
остеопороз;
тиштин эмалы бузулат;
тамакка табит жоголот;
уйкусуздук;
көрүү начарлайт;
эс тутум, нерв системасы бузулат.
Аталган канал Д витаминине бай азыктарды санап, тамактын рационуна көбүрөөк кошууну сунуштады.
Д витаминине бай азыктар:
кызыл жана майлуу деңиз балыгы, анын боору (айрыкча треска балыгынын боору);
кара жана кызыл икра;
сүт азыктары: май, сүт, быштак;
козу карындар;
уй жана койдун боору;
тоок жумурткасы.
Маалыматта 50 жашка чейин адамга күнүнө 600-800 ХБ (15-20 микрограмм) Д витамини керек болору кабарланган. Анын жетишсиздиги сөөктө кальций менен фосфордун азайышына алып келерин эскертишти.
Витаминдердин жетишсиздиги баланын жашоосунун биринчи жылында, сөөк тканынын тез өсүшү байкалганда өзгөчө кооптуу экенин да айтышты.
"Учурда илимпоздор Д витамининин жетишсиздиги рактын, ошондой эле аутоиммундук, инфекциялык, вирустук жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын пайда болушуна таасирин тийгизерин эскертип жатышат", — деп айтылган маалыматта.
Иче калып жата калба! Ашказанды оорутпай тамакты туура сиңирүүнүн жолу