БУУ Кыргызстанга экологиялык жана социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө жардам берет

Амина Мохамед мөңгүлөр менен көлдөрдү тик учак менен көрүп, Нарын облусундагы Борбордук Азия университетине барган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмунун катчылыгы Кыргызстандагы тоолорду өнүктүрүү, айлана чөйрөнү, мөңгүлөр менен токойлорду коргоо жана гендердик теңчилик жаатындагы көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берүү мүмкүнчүлүгүн караштырат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
1 / 2

Бириккен Улуттар Уюмунун катчылыгы Кыргызстандагы тоолорду өнүктүрүү, айлана чөйрөнү, мөңгүлөр менен токойлорду коргоо жана гендердик теңчилик жаатындагы көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берүү мүмкүнчүлүгүн караштырат

2 / 2

Маалыматка караганда, 10-11-июнь күндөрү өлкөгө БУУнун башкы катчысынын биринчи орун басары Амина Мохамед келген

Маалыматка караганда, 10-11-июнь күндөрү өлкөгө БУУнун башкы катчысынын биринчи орун басары Амина Мохамед келген. Ал сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолуккан. Тараптар БУУнун 2023-2027-жылдарга карата туруктуу өнүктүрүү жаатындагы кызматташтык боюнча программасына кол коюшкан.
Мындан тышкары, Амина Мохамедди тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова кабыл алган.
"Министрдин орун басары Кыргызстандагы тоолорду өнүктүрүү, гендердик теңчилик, айлана чөйрөнү, мөңгүлөр менен токойлорду коргоо, билим, саламаттык сактоо, таза суу жаатындагы көйгөйлөрдү көтөргөн. Мохамед БУУнун катчылыгы дыкат анализ жүргүзүп, аталган багыттарга колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн караштырарын билдирди", — деп айтылат маалыматта.
11-июнь күнү Амина Мохамед мөңгүлөр менен көлдөрдү тик учак менен көрүп, Нарын облусундагы Борбордук Азия университетине барган.
Кыргызстанда БУУнун тынчтык орнотуучу операциясына тартип коргоочулар тандалууда