Иче калып жата калба! Ашказанды оорутпай тамакты туура сиңирүүнүн жолу

Кылгыруу, ичтин көөп, оорушу — тамактан кийинки туура эмес кыймыл-аракеттин кесепети.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Ашказан менен ичегиде көйгөй жаралбаш үчүн тамактангандан кийин эмне кылбаш керектигин гастроэнтеролог, гепатолог Наталья Марченко Sputnik радиосуна маек куруп жатып айтып берди.
Кылгыруу, ичтин көбүшү, оорушу — тамактан кийинки туура эмес кыймыл-аракеттин кесепети. Толуп турган ашказан менен жатып алуу же эңкейип туруу адамды өтө жагымсыз абалга кептейт.
"Тамактангандан кийин бир жарым сааттай жатып же эңкейүүнүн кереги жок. Антсеңиз тамактын бир органдан экинчисине өтүшүнө шарт түзгөн клапандар кысылып, оңой менен ачылбай калат. Дени сак адамдарга бул жөн гана ыңгайсыздык жаратышы мүмкүн, ал эми ичеги-карын оорулары бар бейтаптарды диспепсиялык синдромго алып келет", — деди Марченко.
Диспепсиялык синдром – ашказандын ысып ооруусу, ичтин көбүшү.
Тамак жегенден кийин буттарды кайчылаштырып же бүкүрөйүп отурууга дагы болбойт. Ошондой эле ток киши чуркабай эле койгону туура. Мындай учурда дагы жогоруда айтылган клапандарга күч келет.
Анын ордуна тамакты өтө майда чайнап жеп, кийин бир аз убакыт жай басып сейилдеп келүү сунушталат.
Кайсы витамин организмде ашыкча болсо зыяны тиет? Адистин жообу