Sputnik Кыргызстан редакциясы окутуучулардын үнүн коомго жеткирүү, бүгүнкү күндү алардын көзү менен карап көрүү максатында “Мугалимдин күндөлүгү” рубрикасын сунуштап келет. Мында ар бир мугалим мектептеги, коомдогу жүрөгүн өйүгөн, кесибине байланышкан маселелерди кагаз бетине түшүрүп, окурман менен ой бөлүшө алат.
Бул сапар алыскы Токтогулда жашаган мугалимдин күндөлүгүн сунуштайбыз.
...Канча жылдан бери мугалим болуп эмгектенип келе жатсам да дайыма өзүмө керектүү нерсени издей берем. Издегенден тажабайм. Издеп жүрүп көп нерсе табам. Таңкы 6да туруп китеп окуганда мээң кадимкидей сергийт. Ошентип бир китептин бетинен ыраазычылык күнү дегенди таап алдым. “Бүгүн мен үчүн ыраазычылык айтуу күнү” деп өзүмө белгилеп, эртең менен тургандан баштап ар бир адамга ыраазычылык билдирип баштадым. Алгач жакшы жактарын айтып, мотивация бердим. Анын жетишпей жатканы сезилет. Алгач үйдөгүлөргө ыраазычылык билдирдим. Ошентип жумушка келип, тентектиги ашынган абдан шок класска кирип сабак алдында “балдар, бүгүн силерге ыраазычылык билдирем, эгер силер болбосоңор күндө изденбейт элем. Силердин көйгөйдү чечүү үчүн ар дайым изденүү менен иш алып барам. Башка класска өткөн сабактан өзгөчө кылып өтөйүн дейм. Мени дайыма ойлонууга түрткү бересиңер. Силердин барыңар кандай сонун” деп сөзүмдү бүтөрүм менен бир окуучу туруп “Эжеке, сиз өлгөнү калдыңызбы?” деди. “Эмнеге?” десем, “Ыраазычылыкты каза болор алдында айтат го” деп таң калды. Окуучунун сөзүнө мен да таң калдым. Чындап эле 14 жашка чейин ата-эне, бир туугандарынан ыраазычылык укпаса, анан эле мугалим ыраазычылык айтып жатса, жүрөгү таза балдар оюндагысын айта салды да. Ыраазычылык билдирүүнүн түрүн, ал кандай учурда, качан айтыла турганын түшүндүрүп сабагымды уладым.
Мектепте мугалим кыргыз, орус, англис тилдерин, математика, физика, информатика, химия, биология, музыка жана сүрөт сабактарын өтөт. Жашоого эң керектүү сабактарды ата-эне өтүүсү шарт. Азыркы балдар эң жөнөкөй ыраазычылык айтуу, саламдашуу, рахмат айтуу дегенди билбей баратат. Ойлоно турган маселе. Мугалим сабак өтпөй жалаң таалим-тарбия берсе да болбойт. Бирок ошол эле учурда ортодо мүмкүнчүлүк боло калганда окуучуларын жакшы жакка үндөөрү бышык. Баланын жашоосунда ата-эненин ролу абдан чоң, мен айтпасам да белгилүү. Бирок ошол нерсе сөз боюнча эле калып калганы жаман болуп жатат. Мен “ата-энемин” дегендер көп. Ата менен эне өз ара тил табыша албай бири-бирине чоң сүйлөп, акылдуу сөздөрдү шурудай тизет. Бирок акылдуу жүрүм-турум боюнча кабары жок болсо, бала укканын эмес, көргөнүн жасаарын түшүнүү кыйынга туруп жаткандай.
Көп окуучу атасы же апасы ага көңүл деле бөлбөй турганын айтып даттанат. Бул жерде кеп кийинтүү-ичинтүү тууралуу эмес, баланын ички сезими менен эсептешүү жок. Бул өзгөчө айыл жеринде көп байкалат. Үй-бүлөдөгү жасалган мамиледен улам балдардын жүрөгүндөгү сезимдерин жазсам батпай калат го. Ооба, алар муну мага айтып беришет. Ал эми ата-энеси миграцияда жүргөн бөбөктөр эбак тирүү жетимге айланган. Окуучуларым менен сүйлөшүп отуруп ата-эне менен баланын ортосунда чоң ажырым бар экенин билдим. Бул чоңойгон сайын ой-жүгүртүүсү, кабыл алуусу өскөн балага кандай мүнөз тартуулай турганын билесизби? Балдар кичинесинде тирүү турган ата-эненин мээримин көрбөсө, ата-эне да баласынан мээрим күтпөгөнү дурус. Чоңойгондон кийин жакындоо кыйыныраак болот. Баланын балалыгын уурдоо артка кайтарылгыс иш. Балаңыз 10, 15, 18 жашка бир эле жолу толот. Убакыт артка кайрылбайт. Бала балалык доорун эсте кала тургандай кызыктуу кылып өткөрсө дейм.
Бир күнү 9-класстын окуучусу “Эжеке, мага уруксат берип туруңузчу, үйдө койду кезүүгө кошот элек. Атам менен апам уктап жатышты эле, алар азыр турбайт. Мен барып кошуп келишим керек” деди. “Эмнеге? Эмнеге сен? Атаң менен апаң бул жумуштарды сага аткартабы? Алар эмне иш кылат?” деген өңдүү башымда толгон суроо болсо дагы баланы аяп жиберүүдөн башка аргам калган жок. Кийинки класстан балдардын үй-бүлөдөгү жоопкерчилиги тууралуу сүйлөшүп калсам, бир окуучу “мен ал жумуштарды 7-класстан баштап аткарам” дейт. Карап отуруп балдардын балалыгын уурдаган ата-энелер эмнени ойлонуп жатканын билгим келди. Анткени балдардын билим алуусуна жан үрөгөнүбүз келечекке жакшы деп билем. Бирок баласы эмне кылып жатканы тууралуу эч нерсе билбеген ата-энелер да четтен чыгат. Балага ата-энеден эмне керек? Сүйүү, мээрим жана тарбия. Андан башкасы ашыкча.