БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Витаминдердин адамдын организминде көп болушу да зыяндуу экендигин "Прайм" басылмасына клиникалык психолог жана тамактануу боюнча адис Светлана Бронникова айтып берген.
Ал витаминдер азыр балдардын азыктарында көп экендигин эскерткен. Андан сырткары, көптөр майды жок кыла турган моновитаминдерге ык коюшууда. Аталган зат курамында өтө көп кездешкен препараттар да арбын. Алардын максаты — кайсы бир жетишпеген витаминдердин ордун тез толтуруу. Дарыканаларда да ээн-эркин сатылып келет. Мындай мамиле кылгандар ден соолукка пайда деп ишенип, тескерисинче, саламаттыгын аксатып алышы мүмкүн. Адис алгач дарыгер менен кеңешип, андан соң дарыканага чуркоо керектигин эскертти.
"Майды жок кылган витамин кошулмалары өтө кооптуу, себеби алар организмге тез жана жакшы сиңет да, жай чыгат. Эң жагымсыз деп эсептелгендери А жана Д витаминдери көп кошулгандары. Алар, албетте, организмге керек, бирок көзөмөлсүз иче берсе зыяны тиет", — деп түшүндүргөн Бронникова.
Д витамини ашыкча болсо гиперкальцинозду чакырып, бир нече ооруну пайда кылып, өзгөчө чылым чеккендерде өпкө рагынын кооптуулугун көбөйтөт. Ал эми А витамини арбын болуп кетсе жүрөк менен бөйрөктүн иштешин бузарын кошумчалады.