Индиянын Кыргызстанда Йога борборун ачуу ниети бар. Министрлердин жолугушуусу

ТИМ башчысы Индиянын Борбордук Азия өлкөлөрү менен, анын ичинде Индия — Борбор Азия диалогунун алкагында кызматташууну активдештирүүгө жасаган аракеттерин колдоп кубаттаган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстанга жумушчу сапары менен келген Индиянын ТИМ башчысы Минакши Лекхи менен жолугушканын министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Министр Кулубаев Минакши Лекхи айымды Индиянын мамлекеттик министри активдүү мүчөсү болгон башкаруучу Бхаратия Жаната партиясынын жемиштүү ишинин сегиз жылдыгы менен куттуктады.
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстанга жумушчу сапары менен келген Индиянын ТИМ башчысы Минакши Лекхи менен жолугушту
Ал ошондой эле Индиянын бай жана байыркы маданиятын белгилеп, индия тараптын Кыргызстанда Йога борборун ачуу ниетин кубаттап, индиялык делегациясын жыл сайын 21-июнда дүйнөдө белгиленүүчү Эл аралык йога күнү менен куттуктады.
"Кулубаев кыргыз-индия мамилелери достук жана жакшы маанайда өнүгүп, биргелешкен долбоорлор ишке ашырылып жатканын баса белгиледи. Ал ошондой эле президент Садыр Жапаров менен Индиянын премьер-министри Нарендра Моди 2021-жылдын ноябрь айында Глазго шаарында БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча конференциясынын алкагында жолугуп, жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды өткөрүү боюнча макулдашканын белгиледи", — деп айтылат маалыматта.
ТИМ башчысы Индиянын Борбордук Азия өлкөлөрү менен, анын ичинде Индия — Борбор Азия диалогунун алкагында кызматташууну активдештирүүгө жасаган аракеттерин колдоп кубаттаган.
Өз кезегинде Минакши Лекхи айым эки тараптуу мамилелердин деңгээлин жогору баалап, Индия тараптын Кыргызстанда түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын билдирди.
Медицина жана туризм тармагындагы өз ара кызматташууга, ошондой эле Кыргызстанда соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө социалдык өнүктүрүүгө багытталган гранттык жардам долбоорлорун ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.
Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын бардык багыттарында, анын ичинде жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу аркылуу кыргыз-индия мамилелерин бекемдөө жана өнүктүрүү багытын улантууну макулдашты.
Аба каттамын ачуу, импорт, жол. Кыргызстан менен Кытайдын ТИМ башчылары жолукту