Медик: витамин, минералдар жетпеген учурда органдар бузулушу ыктымал

Медик организмде кайсы витамин жетишсиз экенин анализ тапшырып билсе болорун кошумчалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Организмде витамин, минералдар жетишсиз болсо адам тез чарчап, башы ооруп, маанайы түшүп, ден соолугунда ар кандай көйгөй жаралат. Бул тууралуу "Гемотест" лабораториясынын дарыгер-эксперти Оксана Гизингер "Известия" басылмасына билдирген.
Дарыгер витамин, минералдарды адис менен кеңешип колдонуу керектигин айтып, ашыкча, көзөмөл жок иче берүү да болбой турганын белгилеген.
"Адатта витамин, минералдарды тамак-аштан алабыз. Аны жетиштүү көлөмдө колдонбой калганда адамдын организми алсырап кетет. Ага кошумча, көп кыймылдабай отура берүү, уйкунун бузулушу, стресс, спирт ичимдигин ашыкча колдонуу кырдаалды ого бетер курчутат. Азыктандыруучу заттар жетишпеген учурда бардык органдардын иши да бузулушу ыктымал. Адамдын бат жини келип, маанайы чөгүп, чачы түшүп, териси кургай баштайт", — деген адис.
Медик организмде кайсы витамин жетишсиз экенин анализ тапшырып билсе болорун кошумчалаган.
Дарыгер омуртканы талкалай турган 8 адатты атады