Кайрат Иманалиев УТРКнын башкы директору болуп дайындалды

Иманалиев өткөн жылдын октябрь айынан бери УТРК жетекчисинин милдетин аткарып келген.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Кайрат Иманалиев Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Эске салсак, 2021-жылдын октябрь айында УТРКнын (мурда КТРК болчу — ред.) башкы директору Бактияр Алиев өз каалоосу менен иштен кеткен. Жетекчинин милдетин ушул күнгө чейин Кайрат Иманалиев аткарып келген.
КТРКнын макамы өзгөргөндөн кийин кызматкерлердин маянасы жогорулайт. Суммасы