БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинде кызмат абалынан кыянаттык менен пайланылган фактыдан улам мамлекетке 4 миллион 508 миң 975 сом зыян келтирилгендиги аныкталды. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
"Саламаттык сактоо министрлигинин жана Улуттук госпиталдын кызмат адамдары "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузуу менен 2021-жылдын 20-майынан 19-ноябрына чейинки алты ай аралыгында мамлекеттик кызыкчылыктарына каршы кызмат абалынан пайдаланышып, иммундук супрессивдүү дары-дармекти жогорулатылган баада сатып алуу максатында конкурстардын жыйынтыгын үч жолу негизсиз жокко чыгарып, эки лот боюнча дары-дармектин баасын жогорулатуу менен бардык жети лот боюнча сатып алынган дары-дармектин санын азайтышкан", — деп айтылган таратылган маалыматта.
Андан улам 4,5 миллион сомдон ашыгыраак суммада мамлекеттик таламдарга зыян болгон.
"2021-жылдын ноябрында алар "Ю.Х." ЖЧКсын конкурстун жеңүүчүсү деп мыйзамсыз таап, аны менен 41,1 миллион сомго дары-дармекти сатып алуу боюнча атайылап пайдасыз келишим түзүп 4 миллион 508 миң 975 сомго мамлекеттик таламдарга зыян келтирилген", — деп билдиришти көзөмөл органынан.
Көрсөтүлгөн факт боюнча Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 337 ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") жана 339-беренелери ("Билип туруп пайдасыз контракт түзүү") менен кылмыш ишин козгогон.
Маалымат кызматы учурда иш боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.