ӨКМ: Ысык-Көлдөгү кар калың түшкөн айылдарга тоют жеткирилүүдө. Сүрөт

Тоют жеткирүү ишине жалпы алты оор техника тартылган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Ак-Шыйрак айылына 1 200 түк чөп жөнөтүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, тоют жеткирүү ишине жалпы алты оор техника тартылган.
Эске салсак, 29-30-май күндөрү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондоруна катуу кар жаап, ашууларга көчкү түшүп, жайлоого кеткен жолдор жабылып калган. Мындан улам жайлоого чыккан малчыларда тоют көйгөйү пайда болуп, миңдеген мал-жандык өлгөн. Учурда жолдор тазаланып, ачылды.
500 миң гектар жайыт айыл чарбага колдонулушу керекпи? Эки тараптын жүйөсү