Бейшеналиевдин орун басары жана Эмдөө борборунун жетекчиси да камакка алынды

Алар коронавируска каршы вакцина сатып алууда коррупциялык ишке барган деп шектелип жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Октябрь райондук соту саламаттык сактоо министринин мурдагы орун басары Улук-Бек Бектургановду 2-августка чейин УКМКнын тергөө абагына киргизүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу аталган соттон билдиришти.
Мындан тышкары, УКМКнын тергөө абагына Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова 2-июлга чейин киргизилгени маалым болду.
Белгилей кетсек, буга чейин Алымкадыр Бейшеналиев бюджеттик каражатты мыйзамсыз түрдө адалдоо ыкмасын уюштурду деп кармалган. Кеп вакцинаны негизсиз сатып алуу тууралуу болуп жатат. Ага алгач Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси ("Коррупция") менен кылмыш иши козголгону айтылган. Андан кийин Башкы прокуратура ага карата жалпы жети кылмыш ишин козгогонун билдирген.
Мындан сырткары, вакцина сатып алуудагы коррупция боюнча министрдин орун басары Улук-Бек Бектурганов, Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова, Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин бөлүм башчысы Султан Сатарбеков кармалган.
Октябрь райондук соту саламаттык сактоо министри кызматынан убактылуу четтетилген Алымкадыр Бейшеналиевдин дагы бөгөт чарасын карап, 2-июлга чейин УКМКнын тергөө камагына киргизүү чечимин чыгарды.
Зулушев мени камайм деп коркуткан! Алымкадыр Бейшеналиевдин соттогу видеосу