Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украинанын кыялы аткарылды: Европа акча бөлөт, бирок карызга…

Россияга карата жана Украинадагы геосаясий каатчылыкты баалоодо Европа биримдигинин көз караштарынын бирдиктүү жана бекемдиги тууралуу канчалык жар салынса да чыныгы жагдай купуя калбайт көрүнөт.
Sputnik
Италиянын министрлер кабинетинин башчысы Марио Драги "коомдун ири өлкөлөрүнүн дээрлик баары Украинанын ЕБге талапкер катары макамына каршы" экенин билдирди. Серепчи Елена Караева ушул боюнча ой учугун чубаган.
Киевдик режим ай сайын болжол менен беш миллиард евродон керек болорун айткан эле. Брюсселдегилер жалпы европалык валютада тогуз миллиард берүүнү чечишти. Эки ай аралыгында Киев өзүнүн ички бюджеттик милдеттенмелерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болот.
Чынында европалыктар бул миллиарддар жөн эмес, насыялык ресурстар экенин кылдаттык менен белгилешти. Башкача айтканда, Киевге узак мөөнөткө азыраак пайыз менен карыз беришти.
Танкер менен ташыла турган мунайга эмбарго киргизилүүдө. Деңиз аркылуу келчү кара алтындан Европа алдыдагы жарым жылдыкта баш тартууга тийиш. Бул туурасында европалык эки аткаминер — фон дер Ляйен менен Мишель жар салары менен Лондондогу тоорукта мунайдын баррели кымбаттай баштады. Мунай брокерлеринин ушундай статистикасы менен катар эле континенттин тургундарынын көңүлүн чөгөрткөн башка маалыматтар да пайда болду. Еврозона өлкөлөрүндө инфляция сегиз пайыздык барьерден ашты. Айрымдарында мындан да жогору, мисалы, Литвада акчанын нарксызданышы 17 пайызга жетти.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинадан кийин НАТО Балтика өлкөлөрүн "отко салабы"? Аскерий сереп
Бириккен Европа РФке каршы дал алтынчы чектөө чараларын киргизген күнү чийки россиялык мунай жаңы рынокторду дароо тапканы тууралуу укту. Индия расмий деңгээлде Россиядан мунай импорттоону былтыркыга караганда он эсеге жогорулатарын ишарат кылды. Буга катуу таң калгандары айдан ачык, себеби Индияга каршы санкция киргизүү сунуштары да жаңырып кетти. Буга чыдабай кеткен Боррель: "Биз анчалык күчтүү эмеспиз", – деп атайын билдирди. Ошондо курч тилдүүлөр танкерлерди тейлөөдөн баш тартышы үчүн камсыздоочуларды кысымга алууну сунушташты.
Ушундай жагдайда Виктор Орбандын аракеттери алкоого татырлык. Аны борбордук европалык либералдар сатып алууга канчалык аракет кылбасын, венгриялык премьер-министр өз оюнан кайтпай, шайлоочуларынын көңүлүн калтырган жок.
"Өкмөт тарабынан өлкөдөгү үй-бүлөлөргө берген убаданы аткарып, Венгрияда россиялык мунайды пайдаланууга тыюу салууну көздөгөн Еврокомиссиянын аракетине каршы тура алдык", — деп айтылат Орбандын билдирүүсүндө. Ал эми айрымдарына жол болсун, атап айтканда, Германия, андан Франция кем калышпай аскердик бюджетин көбөйтүүдө. Кыязы европалык истеблишменттин өкүлдөрү калктан таптакыр эле алыстап, элдин ордуна эмне жаман, эмне жакшы экенин чечүү укугун өздөрүнө энчилеп алышкан өңдүү.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия сабагы: дүйнө эми Батышка ынанбайт