БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кармалышын карап чыгуу үчүн комиссия түздү. Мындай билдирүүнү Sputnik Кыргызстан агенттигине президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев тастыктады.
Анын айтымында, өлкө башчы комиссияны аталган иш боюнча так маалымат алуу үчүн түздүргөн.
Эске салсак, Бейшеналиев бюджеттик каражатты мыйзамсыз түрдө адалдоо ыкмасын уюштурду деп кармалган. Кеп вакцинаны негизсиз сатып алуу тууралуу болуп жатат. Ага алгач Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси ("Коррупция") менен кылмыш иши козголгону айтылган.
Башкы прокуратура ага карата жалпы жети кылмыш ишин козгогон. Мындан сырткары, дагы үч жетекчи кармалган.