Калкан безинин ооруларына кабылбоо үчүн эмне кылуу керек? Дарыгердин кеңеши

Эндокринолог деңиз азыктарын алууга каражат жетишпесе, йоддолгон тузду эле керектүү көлөмдө колдонсо болорун белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Эндокринологиялык борбордун башкы дарыгеринин орун басары, эндокринолог Кайыргүл Жоошбаева калкан безинин ооруларынан кантип коргонуу керектигин түшүндүрүп берди.
Калкан бези (щитовидная железа) керектүү гормондорду бөлүп чыгарган орган. Ал эми калкан безинин сезгенүүсү жана анын чоңоюшуна байланышкан илдеттер богок оорулары деп аталат.
"Кээ бир богок ооруларында калкан бези гормондорду көп бөлүп чыгарат. Мындай бейтапка йод кошулган дары берүүгө болбойт. Йод берсе ал кишиде андан да көп гормондор иштелип чыга баштайт. Мындан зат алмашуу начарлап, адам тердейт, арыктайт, жүрөгү тез-тез согот, дайыма ысый берет. Тамак жегиси келип суусайт, жаман түштөрдү көрөт, денесин майда калтырак басат. Ошондой белгилер пайда болсо сөзсүз дарыгерге барыш керек. Антпесе нерв, жүрөк сыяктуу олуттуу илдеттерге кептеши ыктымал. Мындан улам дарттын себебин аныктап алып анан дарылануу өтө маанилүү. Эгерде улгайып калган адамдардын калкан безинде түйүндүк шишиктер (узловой зоб) болсо, аларга дары-дармек түрүндө йод колдонууга болбойт. Анткени ал калкан безинин ишин бузуп коёт. Балалуу болууга даярданып жаткан аял эндокринологго сөзсүз көрүнүшү шарт. Эгер калкан бези жакшы иштеп жатса, анда күнүмдүк йодду нормадан калтырбай төрөгүчө жана баланы эмизип жатканда да ичиши керек", — деди медик.
Эндокринолог Кыргызстанда өскөн азыктарда йод аз экенин айтып, деңиз азыктарын сунуштаган. Эгер муну алууга каражат жетишпесе, йоддолгон тузду эле керектүү санда колдонуп койсо болорун белгилеген.
Дарыгердин маегин толугу менен Sputnik Кыргызстан агенттигинен окуй аласыздар.
Диетолог жаштыкты сактай турчу үч азыкты атады