Прокуратура: Алымкадыр Бейшеналиевге 7 иш козголду, дагы үч жетекчи кармалды

Буга чейин министр коррупцияга шектелип кармалган. Ага эми "Опузалап акча талап кылуу", "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери да кошулду.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата Башкы прокуратура жалпы жети кылмыш ишин козгогонун билдирди.
Эске салсак, Бейшеналиев бүгүн бюджеттик каражатты мыйзамсыз түрдө адалдоо ыкмасын уюштурду деп кармалган. Кеп вакцинаны негизсиз сатып алуу тууралуу болуп жатат. Ага алгач Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси ("Коррупция") менен кылмыш иши козголгону айтылган.

"Бир кылмыш иши "Коррупция" беренеси боюнча, эки кылмыш иши "Опузалап пара алуу" беренеси, төрт кылмыш иши "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана билип туруп пайдасыз келишим түзүү", — деп жазылган маалыматта.

Учурда прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан тергөө аракеттери жүргүзүлүп жатат.
Мындан сырткары, вакцина сатып алуудагы коррупция боюнча министрдин орун басары Улук-Бек Бектурганов, Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова, Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин бөлүм башчысы Султан Сатарбеков кармалганы маалымдалды.
Учурда кылмышка өкмөт мүчөлөрүнүн жана башка кызмат адамдарынын тиешеси бар-жогу иликтенип жатканы кошумчаланды.
Спецназ кирип келип... Алымкадыр Бейшеналиев кармалган учурдун видеосу