Спецназ кирип келип... Алымкадыр Бейшеналиев кармалган учурдун видеосу

Министр бүгүн кармалган. Ал вакцинаны негизгиз сатып алган деп айыпталып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев колго түшүрүлгөн учурдун видеосун жарыялады.
Эске салсак, Бейшеналиев бюджеттик каражатты мыйзамсыз түрдө адалдоо ыкмасын уюштурду деп бүгүн кармалган. Кеп вакцинаны негизсиз сатып алуу тууралуу болуп жатат.
Министрге Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси ("Коррупция") менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Мындан сырткары, саламаттык сактоо министри жана башка кызмат адамдарынын үстүнөн беш коррупциялык иш козголуп, тергелүүдө.
Президент министр Алымкадыр Бейшеналиевге "Алтын балалык" үчүн алкыш айтты