Каракол — Эңилчек жолу ачылып, жайлоого тоют жеткириле баштады

Аталган өрөөндө табигый кырсыктан өлгөн малдын саны жана чыгымы такталып жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Ак-Суу районундагы Каракол — Эңилчек жолу ачылганын президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда жааган калың кардан улам көчкү түшүп жол жабылып калганы, мындан улам жергиликтүү тургундар жайыттарда калган малга тоют жеткире албай жатканы айтылган.
"1-июнда президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов, Чек ара кызматынын 2028-аскер бөлүгүнүн башчысы менен Чоң-Ашууга жөнөп кетишкен. Көчкү түшкөн жерге атайын жети техника тартылып, Каракол — Эңилчек жолу ачылды. Тазалоо иштери бүгүн да уланууда. Тоют жеткирип барган автоунаалар жайлоого барып, кайра кайтып келип жатышат. Жолдо калган автоунаа жок. Аталган өрөөндө табигый кырсыктан өлгөн малдын саны жана чыгымы такталууда", — деп айтылат маалыматта.
Каракол — Эңилчек жолуна түшкөн кар көчкү боюнча ӨКМ да маалымат берип, жеринде координациялоо иштерин жүргүзүү максатында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эдилбек Кулматов баш болгон ыкчам топ жана үч оор техника жөнөп кеткени билдирди.
Ысык-Көл облусунун Түп, Тоң, Ак-Суу райондорунун жайлоолорундагы чабандарга тоют, азык-түлүк жеткирүү үчүн ӨКМдин Чүй облусундагы Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунан үч КамАЗ, оор жүк ташуучу унаа тартылганы кошумчаланды.
Арык менен каналдарды тазалагыла! ӨКМ сел каптоону алдын алууга чакырды