Бишкектин чок ортосу жабык. Жол кыймылы чектелип, эл текшерилүүдө. Сүрөт, видео

Посттордон шаардыктардын сумкаларын текшерип өткөрүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Бишкектин чок ортосу тосулуп, автоунаалардын кыймылына чектөө киргизилди.
Белгилей кетсек, бүгүн Балдарды коргоо күнүнө карата майрамдык концерт болот. Иш-чарага президент Садыр Жапаровдун катышуусу күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, бүгүн Балдарды коргоо күнүнө карата майрамдык концерт болот
Посттордон шаардыктардын сумкаларын текшерип жатышат. Чүй проспектисине өтүү мүмкүн эмес. Бардык жерде милиция менен мамлекеттик күзөт кызматкерлери турат.
Жол кыймылына чектөө 12:00дө алынары айтылды. Буга чейин Кайгуул милициясы кайсы көчөлөр жабыла турганын айткан.
Мекенибиздин чыныгы атуулдарынан болгула! Садыр Жапаров балдарды куттуктады