Жоголгон муун, багыты жок коом. Мамлекеттик колдоого муктаж балдар адабияты

Кайсы гана идея, план жана концепция болбосун, аны коомго жайылтып, сиңирүүдө пропаганда башкы ролду ойнойт.
Sputnik
Өлкө эгемендүүлүгүн алган 30 жылдан ашык убакыт өз жолун издеп келет. Ар кайсы бурчта мамлекеттик тил, улуттук идеология маселеси көтөрүлө калып жатканы менен бул багытта комплекстүү иш-аракет жокко эсе. Ал тургай мамлекеттик идеология барбы деген дагы күмөн саноолор жарала калууда. Чындап эле ал барбы? Бар болсо ал кандай же эмне? Ал эми идеологиянын башаты, пайдубалы катары сыпатталган бала тарбиялоо жаатында кандай көйгөйлөр бар? Бул өңүттө мамлекеттик саясат жүргүзүлүп жатабы деген суроолордун алкагында Шабдан Абылгазы уулу ой калчап көрдү.
Жалпак тил менен айтканда, идеология — бул улуттун, ошол улут жашаган мамлекеттин багыт алган максаттары, карманган идеясы. Башкача айтканда, адамдын күнүмдүк жүрүм-турумунан баштап мамлекеттин жете турган максатына чейин камтыган комплекстүү иш-аракеттер.
Кайсы гана идея, план жана концепция болбосун, аны коомго жайылтып, сиңирүүдө пропаганда башкы ролду ойнойт. Бул жагынан иштер акырындап жөнгө салынып келе жатат дейли десек жалган айтып калчудайбыз. Маселен, өлкөдө "Манастын жети осуяты", "Кыргызстан — жалпыбыздын үйүбүз", "Кыргызстан демократиянын аралы" сыяктуу идеяларды сиңирүү аракети көрүлгөн. Алардан канчалык натыйжа болгону бүдөмүк. Эгерде ошол идеяларды мамлекеттин идеологиясы катары караган болсок, натыйжа такыр жок деп айтууга болот. Учурда идеология батыштан да, чыгыштан да, түндүктөн да, түштүктөн да кирип жатат. Балдарыбыз "жони-жони" деген анимациялык мультфильмдерди көрүп чоңоюуда. Ал эми өспүрүмдөрүбүз түрдүү маданий чөйрөнүн таасиринде калып кетип жатканын кандайдыр бир илимий изилдөөлөрсүз эле көрүүгө болот.
Балдарды тарбиялоодо бир жагына батыш маданияты тартса, динди жамынгандар экинчи, дагы башкалары үчүнчү тарапка тартышат. Айтор, улуттук салт-санаа, маданият, тарых, нарк-насил колдон келишинче пропагандаланганына карабастан, жаштарыбыз кайда багыт алуу керек экенине баштары жетпей, маң болгонсуйт. Мунун себеби, бала кезден тарбия берилгенде нарк-насил, салт-санааны камтыган кыргыз идеологиясынын негизинде тарбия менен инсан катары калыптанбаганы. Жарандын тарбиясынын "пайдубалы" начар тургузулган деп каймана айтсак болот.
Балдарыбыз бактысыз болбош үчүн коргойлучу. Эненин ой толгоосу
Балдар жазуучусу, педагогика илимдеринин доктору, профессор Сулайман Рысбаев улуттук идеологияны калыптандырууда балдар адабиятынын орду чоң экенин белгилейт.
"Балдардын курагына, кызыкчылыгына, табитине, тилине жараша китептерди чыгаруу зарыл. Бала кайсы убакта китеп окуйт? Албетте, аларга арналган китеп текст эмес кызыктуу сүрөттөр менен түзүлүшү керек. Мындан дагы маанилүүсү, бөбөк ошол чыгармадан өзүн, кызыкчылыгын, образын, өзүнө окшош персонажды табышы зарыл. Ансыз кичинекейлерди китепке кызыктыруу мүмкүн эмес. Балдар адабияты өзүнчө идеология. Эмне үчүн Советтер Союзу балдар адабиятын баалап, колдоого алган? Анткени аларды кичине кезинен адам катары калыптандырууга маани берген. Ошондуктан балдар жазуучулары чоң-чоң сыйлыктарга татыктуу болушкан. Себеби алар мамлекеттик идеологияны калыптандыруу менен мамлекеттик тапшырыкты аткарышкан. Учурда Кыргызстан кандай идеологияда жашап жатат, деги эле идеология барбы деген суроо жаралат. Эгер бар болсо, ошого жараша балдарды тарбиялап, окутушубуз керек. Мына ошондой адабият керек. Башкача айтканда, балдар адабияты азыр бир багытка муктаж", — деди Рысбаев.
Мамлекеттик китеп палатасынын директору Койчуман Момункулов өлкөдө 10го жетпеген балдар жазуучусу бар экенин айтат.
"Союз учурунда жылына балдарга арналган 60-80 аталыштагы китеп чыгып турган. Алардын ар биринин нускасы кеминде 10 миңден 200 миңге чейин жетер эле. Учурда балдар адабияты боюнча жылына 100-130 аталыштагы китеп чыгууда, бирок баары чогулуп нускасы 400 миңден ашпайт. Анткени азыркы тапта мамлекеттик каржылоо жок болгондуктан авторлор жазган китептерин өздөрү чыгарат. Ал эми аталган китептердин наркы чоңдорго арналган адабиятка караганда кымбат болот. Себеби баланы текст менен эмес, графика, сүрөт аркылуу кызыктыруу керек. Ошондуктан сүрөтчүнүн акысы кошулуп, түстүү басмадан чыгарылат. Авторлор тууралуу айта турган болсок, дээрлик бардык жазуучулар балдарга арналган чыгармаларга кайрылат, бирок такай балдар адабиятын чагылдырган 10го жетпеген жазуучу калган. Алардын катарында жаш акын-жазуучулар да бар", — деди Момункулов.
Бала тарбиялоого эненин мойнундагы 28 жүктүн таасири тиет. Психологдун маеги
Албетте, балдар тургай чоңдорго китеп окутуу азыр көйгөй болуп турат таризинде ой калчоого болот. Буга "баланы эмес өзүңдү тарбияласаң, балаң сага окшошот" деген учкул кепти эстөөгө болот. Анткени балага китеп окуп берүү аркылуу чоңдорду, аны менен бирге улутту да тарбиялоого мүмкүндүк жаралышы ыктымал. Же ата-энесинин китеп окуп отурганын көргөн бала сөзсүз аны өрнөк кылат. Жок дегенде балдарга кандай тарбия берүү үчүн багытын аныктоо керек болуп турат. Себеби учурдагы идеологияга байланыштуу абал И.В.Крыловдун балык сууга, ак куу көккө, бөйөн жерге, айтор, ар кимиси ар кай жакка тартып жатып, талкаланган араба жөнүндө тамсилине окшошуп калгансыйт. Бул эмнеден деген мыйзам ченемдүү суроо жаралышы ыктымал. Ойлонуп көрөлү...
Эгемендүүлүк алган жылдардан тарта өлкөгө ар кандай идеологиялар кирип жатат. Көз карандысыздык алганда төрөлгөн балдар учурда 30дан ашты. Бул муунду толугу менен жоголгон муун катар кабыл алууга болот. Анткени ата-энелери ал балдардын кара курсагынын камын көрүп, эптеп өп-чап билим берүүгө далалат кылып, тарбияга дээрлик маани берилбей калды. Мамлекет болсо өзү идеологиясынын багыты тургай карапайым калктын турмушун эптей албай калды. Анан 90-жылдардан кийин төрөлгөн муун өлкөгө агылып кирген бардык идеологиянын саркындысын сиңирип, тарбияны көчөдөн, коомдон алды. Ошондуктан азыркы тапта коомдо ажырым жаратуучу факторлор толо. Улутчулдар, батышчылдар, коммунисттер, динчилдер жана башка толгон токой "...чилдер" болуп кетти.
Ооба, түпкүрүндө баары мамлекет жана мамлекеттүүлүк үчүн аракет кылып жаткандай. Бирок ынтымактуу, бирдиктүү багыт болуп, жалпы эл ошого умтулбаса жогоруда кеп болгон тамсилге окшоп ар ким өз көз карашы менен мамлекеттин өнүгүүсүнүн багытын ары тартып, бери тартып отура берери анык. Бул маселени чечүү үчүн балдар адабиятына өзгөчө маани берилип, жеткинчектер китептерине мамлекеттик тапшырык берүү жолун колго алып, өкмөт жеңин түрө иш алып баруусу абзел эле.
Радио
Абидетегин: ата-эне бала тарбиялоодо жоопкерчиликти ала албай жатат