Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара делегацияларынын 5 күндүк иши аяктады

Жумушчу топтордун келерки жолугушуусу Тажикстандын аймагында өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Бишкек шаарында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди.
Маалыматка караганда, эки тараптуу сүйлөшүүлөр 25-майдан 30-майга чейин созулган.
"Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү", — деп айтылат маалыматта.
Жумушчу топтордун келерки жолугушуусу Тажикстандын аймагында өтөт.
Кыргызстан ишенимдүү коргоодо! Садыр Жапаров чек арачыларды куттуктады