Диетолог карылыкты тездетүүчү азыкты атады

Адис белгилегендей, краб таякчалары кайра иштетилген заттардан тургандыктан курамында боёк, даам жакшырткыч жана башка кошулмалар өтө көп.
Sputnik
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Краб таякчалары организмдин картаюусун тездетет. Бул тууралуу медицина илимдеринин доктору, диетолог Михаил Гинсбург Sputnik радиосуна курган маегинде айтты.
Адис белгилегендей, краб таякчалары кайра иштетилген заттардан тургандыктан, анын курамында боёк, даам жакшырткычтар жана башка кошулмалар өтө көп. Илимий изилдөөлөр көрсөткөндөй, бул химиялык заттар ар кандай оорулардын өнүгүшүнө жана организмдин тез картаюусуна түрткү болушу мүмкүн.
"Краб таякчалары, колбаса кайра иштетилген азык болуп саналат. Алар жүрөк-кан тамыр жана онкологиялык ооруларды пайда кылары белгилүү болгон", — деди Гинсбург.
Анткен менен диетолог краб таякчаларын өтө көп эмес, кез-кезде гана пайдаланса мындай тобокелдик дагы аз болорун кошумчалады. Мисалы, бул азыкты аптасына эки жолудан ашык жебей эле койгон жакшы.
Диетолог жаштыкты сактай турчу үч азыкты атады