Гинеколог муздак сууга түшүү аялдын ден соолугуна кандай таасир этерин айтты

Адис муздак суу өзгөчө жаш кыз-келиндердин бөйрөк, табарсык, жатын моюнчаларына бычактай тиерин эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Гинеколог Оксана Ардинцева суу жылый элек кезде көлгө түшүү кыз-келиндердин саламаттыгына кандай таасир этерин айтып берди. Дарыгердин пикирин "Известия" жазды.
"Май же июнь айында суу жакшы жылый элек кез болот. Бирок жаштар ага карабай эс алууга барганда түшө берет эмеспи. Бул туура эмес. Муздак суу өзгөчө жаш кыз-келиндердин бөйрөк, табарсык, жатын моюнчаларына бычактай тиет. Суук тийгизип алууга беш мүнөт жетиштүү", — деди Ардинцева.
Адистин айтымында, суудан кийин ооруп калбаш үчүн анын температурасы 18 градустан жогору болушу керек.
"Жаратылыш койнуна эс алууга чыкканда спирт ичимдиктерин ууртап-таткандарды дагы суудан алыс болууга чакырат элем. Анткени алкоголь адамды ысытат дагы, сууга түшкөн маалда үшүп жатканын сездирбей коёт. Демек, киши алданып, суукка урунуп калышы мүмкүн", — деди гинеколог.
Сөзүнүн соңунда адис муздак сууга түшкөн күндө дагы чыккан соң денени кургатып, жылуу кийинип алуу керектигин эскертти.
Диетолог сөөктүн иштөөсүн бузган үч суусундукту атады