Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Херсон жетекчилиги: АКШ Кара деңиздин Украина жээгинде аскер базаларын курган

Атайын операциянын өткөрүлүшү АКШнын Кара деңизде бекем орноп калган бийлигине чекит коёт.
Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Акыркы жылдары АКШ Украинага жардам берүү шылтоосу менен Кара деңиздин жээгинде өзүнүн аскер-деңиз базаларын курду. Бул тууралуу Херсон облусунун аскердик-жарандык администрациясынын башчысынын орун басары Кирилл Стремоусов билдиргенин РИА Новости жазды.
"Америкалыктар чындыгында Украинага жардам беребиз деген шылтоо менен Кара деңиздин жээгинде борборлорду жана аскер-деңиз базаларын түзүп, модернизациялашты. Алардын арасында Днепр-Буг куймасынын чыга беришинде жайгашкан Биринчи Май аралындагы база бар. Кара деңизди жана Николаев облусунун Очаков шаарын дагы эле украиналык фашисттер аткылап жатышат", — деди Стремоусов.
Анын айтымында, атайын операциянын өткөрүлүшү АКШнын Кара деңизде бекем орноп калган бийлигине чекит коёт.
Россия Украинада аскердик операциясын 24-февралда баштаган. Президент Владимир Путин анын максатын "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан бейбаштыкка жана геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо" деп атаган.
Атайын операция учурунда Россия аскерлери Украинанын түштүгүндөгү Херсон облусун жана Запорожье облусунун Азов бөлүгүн көзөмөлгө алды. Аймактарда жарандык-аскердик башкармалыктар түзүлүп, россиялык телеканалдар жана радиостанциялар эфирге чыга баштады. Крым менен соода байланыштары калыбына келүүдө.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Москваны жооп иретинде чара көрүүгө түртпөш керек. Германия депутаттары түйшөлүүдө