Алымкадыр Бейшеналиев министрликтеги бир катар аткаминерлерди иштен алды

Кызматтан кеткендердин арасында министрге каршы маалымат жыйын өткөргөн Айнура Акматова дагы бар.
Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинде иштеген үч бөлүм башчы иштен алынды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, мекеме жүргүзүп жаткан реформаларды ишке ашыруу максатында иш кагаздарын жүргүзүү жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Ибраева, юридика бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеев жана Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова ээлеген кызматынан бошотулган.
Эске салсак, буга чейин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин орун басарлары Улук-Бек Бектурганов, Жалалидин Рахматуллаев, Жапаркул Ташиев жана башкармалыктардын жетекчилери аны кызматтан алуу талабы менен чыгышкан. Алар министр Германияга кетери менен маалымат жыйын өткөрүп, Бейшеналиев жалпы эле министрликти уят кылып жатканын жана мыйзамсыз иштерди жасап жүргөнүн айтышкан.
Министрге Айнура Акматова да каршы чыгып, министр этиканы сактабай, кызматкерлерге орой мамиле кыларын билдирген.
Кийинчерээк министр каршы чыккан орун басарларын кетирерин айткан.
Саламаттык сактоо министринин кеңешчиси Мээрим Тилекова үй камагына алынды