БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин кардиологу жана башкы аритмологу Дамир Осмонов гипертония канчалык олуттуу оору экенин айтып, анын белгилерин санап берди.
Маалым болгондой, гипертония же гипертензия — бул кан басымдын жогорулап кетүүсү.
"Артериялык гипертонияга кабылган адамдын жүрөгү чоңоюп, атеросклероз тез өнүгөт. Мындан тышкары, көздүн тор кабыгынын кан тамырлары жабыркап, кээде жарылат. Бул процесстер күчөп отуруп, акыры өмүргө коркунуч алып келген инфаркт менен мээ инсультун (мээге кан куюлуп кетүү) чакырат. Аталган эки дарт күтүүсүз кармашы мүмкүн. Бекеринен артериялык гипертонияны байкалбай жүрүп өлүмгө кептейт дешпесе керек. Кан басым көтөрүлгөндө көз караңгылап, баш айланат, ооруйт, адамдын кускусу келип, деми кысылып, тамакка табити тартпай, кулак чуулдайт", — деди Осмонов.
Кардиолог ооруну алдын алуу үчүн жашоо образын өзгөртүүнү сунуштаган.
"Дары-дармек терапиясынан өтүү керек. Ансыз дарыланууда салмакты көзөмөлдөө шарт. Гипертониялык дарт менен жабыркаган адамдын салмагы азайса, кан басым төмөндөйт. Көбүнчө жер-жемиш, жашылча, калий, магний, кальцийге бай тамак-аш, балык жана деңиз азыктарын пайдаланып, майлуу тамактарды, тузду (күнүмдүк норма 1,5 грамм) азайтуу шарт. Ошондой эле көп кыймылдоо (жөө басуу, сууда сүзүү, велосипед тебүү) талап кылынат", — деди медик.
Кардиолог Дамир Осмоновдун гипертония оорусунун кооптуулугу тууралуу маегин толугу менен Sputnik Кыргызстан агенттигинен окуй аласыздар.