БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Жогорку Кеңеш Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин 100 жылдыгын белгилөө боюнча токтом чыгарды.
Мындай демилге депутаттар Дастанбек Жумабеков, Гүлкан Молдобекова жана Марат Мураталиев тарабынан сунушталган.
Токтом аркылуу министрлер кабинетине мааракени даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү, иш-чараны тийиштүү деңгээлде өткөрүү тапшырмасы берилди.
Белгилей кетсек, буга чейин Советтер Союзунун Баатырынын 100 жылдыгын белгилөө республикалык маанидеги юбилейлик иш-чаралардын тизмесине киргизилген.
Чолпонбай Түлөбердиев 1922-жылы Талас облусундагы Кара-Буура районуна караштуу Чымкент кыштагында туулган. 1941-жылы сентябрь айында аскерге чыкырылып, согушка кирген.
Ал 1942-жылы 6-августта Россиянын Воронеж облусундагы Селявный кыштагын бошотууда душмандын дзотунун амбразурасын денеси менен жаап, баатырларча курман болгон. Мындай эрдиги үчүн Чолпонбай Түлөбердиевге 1943-жылы 4-февралда Советтер Союзунун Баатыры деген наам берилген.
Түлөбердиевдин сөөгү ал курман болгон Селявный кыштагындагы Кашка тоого (Лысая гора) коюлуп, эстелиги орнотулган. Анда "Эрдигиң менен элиңди сактап калдың" ("Подвигом своим ты обессмертил свой народ") деп жазылып турат.