Жасалма дипломун жашыруу үчүн пара сунуштаган. Чүйдө айыл өкмөттүн адиси кармалды

Башкы адис УКМК кызматкерине 160 миң сом сунуштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Аламүдүн районунун Пригородное айыл аймагынын кирешелер боюнча башкы адиси О.К.Т. жасалма дипломун жашыруу үчүн пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Аламүдүн районунун Пригородное айыл аймагынын кирешелер боюнча башкы адиси О.К.Т. жасалма дипломун жашыруу үчүн пара берип жаткан жеринен кармалды

2 / 3

Билдирмеге караганда, айыл өкмөт адиси жогорку билими тууралуу дипломунун аныктыгын текшерүүнү токтотуу үчүн УКМК кызматкерине пара катары 160 миң сом сунуштаган

3 / 3

Азыркы учурда тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүп жатат

Билдирмеге караганда, айыл өкмөт адиси жогорку билими тууралуу дипломунун аныктыгын текшерүүнү токтотуу үчүн УКМК кызматкерине пара катары 160 миң сом сунуштаган.
"24-майда жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында атайын кызматтын өкүлүнө пара берип жаткан жеринен Пригородное айыл аймагынын кирешелер боюнча башкы адиси колго түшүрүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.
Ошто пара алып жаткан милициянын майору кармалды. Видео