Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Донбасс күндөлүгү: "фольксштурм"* батышка карай чегинүүдө

РФ Куралдуу күчтөрүнүн Донбасстагы аракеттери тынымсыз жана ийгиликтүү уланууда деп белгилейт Sputnik агенттигинин аскерий баяндамачысы Александр Хроленко. Бул сапар да ал аталган аймактагы абалдан кеп салган.
Sputnik
Киевдик режимдин миңдеген талкаланган аскердик техникасы жана он миңдеген "демилитаризацияланган" коргоочулары Украина Куралдуу күчтөрүнүн каршылык көрсөтүүсүн кыйла чабалдатты. Мажбурлоо менен мобилизацияланган "фольксштурмдун" бөлүктөрү батышка чегинүүгө камынып, Украинанын "чыгыш фронту" соңку күндөрүн өткөрүүдө.
Донбасстагы 23-май күнкү россиялык чабуул Попасная районунда украиналык аскердик бөлүктөрдү бир нече негизги тилкеге бөлүп койду. Балаклеядан түштүккө карай, Авдеевка, Северодонецк, Лисичанск жана Лиманда майда курчоолор пайда болууда. Бахмут – Лисичанск маанилүү транспорттук кан жолу буулду.
Пески конуштарында Украина Куралдуу күчтөрү алсырады. Северодонецк жана Лисичанскиде ири топ тактикалык курчоодо, россиялык күчтөр жана Луганск Эл Республикасынын элдик милициясы шаарлардын жака-белин, кварталдарды украиналык куралдуу түзүмдөрдөн тазалоодо. Авдеевка, Северодонецк жана Лисичанск гарнизондору "Мариуполь сакчыларынын" тагдырын кайталап, мында курчоодо Украина Куралдуу күчтөрүнүн 50 миңге жакын аскери калышы ыктымал.
Украиналык фронттун кыйрашы коммуникация жана жабдуу тутумдарын талкалайт. Аскерлердин катарында дүрбөлөңгө түшкөндөр көбөйүп, айрым бөлүктөрү өз эрки менен кете баштады. 23-майда Лимандын четинде 500дөн ашуун украиналык жоокер багынып берди.
Президент Владимир Зеленский жана башкы командачы Валерий Залужныйга жамааттык билдирүүлөр күн сайын жарыяланууда. Украина Куралдуу күчтөрүнүн аскерлери командачылыктын, оор техника, аскердик бекемдөө жоктугун айтып, аскердик милдеттерин аткаруудан баш тартууда. Жетекчиликтин мындай көрүнүштөргө реакциясы ар кыл. Украина башкы абал тууралуу улам жалган маалыматтарды таратуу менен алек. Мисалы, Лиман багытында салгылаштардын жоктугун айтып, президенттен батышка карай чегинүү жөнүндө өз алдынча кабыл алуу укугун алууга умтулууда.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Су-57 "аба терминаторунун" максаты — Украинаны демилитаризациялоо
Президенттин кеңсеси Жогорку радага дезертирлик жана буйрукту аткаруудан баш тартуу үчүн жазаны катаалдантуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун киргизди. Ал командирлерге мындай аракеттер үчүн аскерлерди тергөө жана сотсуз эле атып салууга чейин жол берет. Мыйзам долбоору украиналык парламенттин чалгындоо, улуттук коопсуздук жана коргоо комитетинде талкуудан өтүүгө үлгүрдү.
Украинанын кылмыш кодексине ылайык дезертирлик 12 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат. "Украина долбоорунун батыш кураторлорунун көрсөтмөсү менен Зеленский Украина Куралдуу күчтөрүн өлүмгө кептеп, зордоп аскерге тартылган жарандарды – "фольксштурмду" фронтко жөнөтүүдө. Жоготуулары күн сайын өсүүдө.
23-майда алыска атылуучу россиялык ракеталар Житомир облусундагы Малин темир жол станциясынын аймагында топтолгон украиналык күчтөрдү жана батыш аскердик техникаларын жок кылды. Украина Куралдуу күчтөрүнүн аскердик объектилерине ракеталык, артиллериялык жана бомбалык соккулар 90 сутка катары менен урулууда.
Аскердик техниканын таңсыктыгынан улам украиналык жоокерлер жарандык автомобилдерге өтүүгө аргасыз. Жогорку рада 12-майда россиялык атайын операцияны колдогон жарандардын мүлкүн тартып алуу жөнүндөгү мыйзамды кабыл алууга аргасыз болду. НАТО өлкөлөрү жолдогон куралдар "чыгыш фронтко" чейин дээрлик жеткен жок. Россиялык ракеталык соккулар Батыштын көмөгүн улам талкалоодо. Өткөн суткаларда эле Миньковка, Бахмут, Николаевка, Спорное, Красный Лиман райондорундагы алты ок-дары кампасы, анын ичинде Раздоловкадагы америкалык М-777 гаубицаларынын 155 миллиметрлик дүрмөттөрүнүн ири арсеналы жок кылынды.
Америкалык жардамдын майнаптуулугун өтө эле даңазалоонун кажети жок. АКШ президенти Жозеф Байден Украинага 40 млрд. доллар бөлүү жөнүндө документке кол койду. Бирок РФ Мамлекеттик думасынын спикери Вячеслав Володиндин айтымында, бул сумманын 35%ы Пентагонду каржылоого, 45,2%ы "башка өлкөлөргө" жумшоого, 4,8%ы качкындарга көмөктөшүп, Украинадагы АКШ элчилигинин ишин кайра жандандырууга сарпталмакчы. түздөн-түз Украина Куралдуу күчтөрүнө 15 гана пайызы же 6 млрд. доллары гана тиет. Бул каражат кышка чейин жетиши мүмкүн. Карыз жана пайыздарын украиналыктар толугу менен, тагыраак, 40 млрд. доллар өлчөмүндө кайтарууга тийиш, америкалык бизнестин эрежеси ушундай.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиядан бүт дүйнөнү бекер багууну талап кылышууда. Ой толгоо
Мурда АКШ жана Европа биримдиги тарабынан бөлүнгөн каражаттар киевдик режимге пайда келтирбестен, болгону шейит болгон украиналык аскерлердин санын арбытты. Украинаны Польша менен эки тараптуу макулдашуулар "интеграциялоо" аракети да жакшылыкка алып барбайт. 23-майда Павлограддагы аскердик объектиге – Украина Куралдуу күчтөрүнүн тобун жабдуучу өтө маанилүү транспорттук түйүнгө урулган россиялык ракеталык соккудан улам, маалымат каражаттары америкалык ок өтпөс унааларын минген польшалык пехотачылардын эки батальону, ошондой эле танкка каршы сегиз "Рапира" куралдары "чыгыш фронтко" жетпей калды.
РФ Куралдуу күчтөрү НАТОну украиналык территорияда гана эмес, дегеле технологиялык, тактикалык жана стратегиялык жактан демилитаризациялоого даяр экенин эстен чыгарбоо абзел (баарынан Варшава көбүрөөк тобокелге барууда).
24-февралдан бери россиялык аскерлер Украина Куралдуу күчтөрүнүн 178 учагын, 125 тик учагын, 995 учкучсуз аппаратын, 320 зениттик ракеталык комплексин, 3243 танк жана башка ок өткөрбөс машинасын, 425 залптык октун реактивдүү тутумун, 1658 талаа артиллерия куралы жана миномёт, ошондой эле 3124 автотехника бирдигин жок кылды. Ушул статистикада жүздөгөн батыш куралы да камтылат. Кечээ РФтин коргоо министри Сергей Шойгу Украинадагы атайын операция Россияга каршы санкцияларга АКШ жана лимитрофтук өлкөлөрдүн аскердик жардамына карабастан коюлган милдеттердин (демилитаризация жана денацификациялоо) толугу менен аткарылышына чейин жүргүзүлөрүн билдирди. Жамааттык Батыш эч качан Россияга өз шарттарын таңуулай албайт. АКШ менен НАТО Украинада улам "быкшып" турган жаңжалды көксөйт.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн каршылык көрсөтүүсүнөн майнап жок, башкалардын кол куурчагына айланган киевдик режим украиналык калкка кас болуп турат. РФ Коргоо министрлигинин эсебинде украиналык армиянын жоготуусу 50 миңдин тегерегинде. Ал эми "территориялык коргоо", чет элдик жалданма жоокерлерди эч ким санап чыккан жок. Дайынсыз жоголгондордун саны белгисиз. Украиналык армиянын калдыгын (өлкө территориясын жана мамлекеттүүлүгүн) эми Украина Куралдуу күчтөрүнүн жапырт багынып бериши гана сактап калчудай.
Фольксштурм (Volkssturm) – Экинчи дүйнөлүк согуштун акыркы айларында түзүлгөн нацисттик Германиянын элдик кошундун отряддары.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФтин Коргоо министрлиги: Киев көзөмөлдөгөн аймактарда гуманитардык абал оор