Диетолог жаштыкты сактай турчу үч азыкты атады

Медик сунуштаган азыктар көпчүлүккө жеткиликтүү. Баасы да өтө кымбат эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Диетолог Михаил Гинзбург жаштыкты сактоо үчүн кандай азыктарды жеш керектигин айтты. Медиктин кеңеши "Известия" басылмасына жарыяланган.
Дарыгер биринчи кезекте капустаны сунуштаган.
"Капустанын бардык түрүндө флавоноиддер жана сульфорафан заты бар. Булар картаюу процессин жайлатат. Анын үстүнө сульфорафан организмде сезгенүү процессин солгундатып, онкологиялык оорулардын өрчүп кетүүсүнөн сактайт", — деген Гинзбург.
Дарыгердин айтымында, алма да ден соолукка өтө пайдалуу. Ал зат алмашууну жакшырткан кверцетинге бай.
"Тизмедеги үчүнчү азык — петрушка. Бул өсүмдүктө клеткаларды жаңылоого жардам берген фолий кычкылы көп. Бул дагы картаюу процессин жайлатууда өтө маанилүү", — деген медик.
Буга чейин Гинзбург жаштык, сулуулукту сактоо үчүн шпинатты көп жеш керектигин айткан.
Спорт менен машыккандар эмнеге толуп кетет? Адистин түшүндүрмөсү