Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Херсон бийлиги: жыл соңуна чейин РФ мыйзамдарына өтүү процесси аякташы керек

Россия аскерлери Херсон аймагын марттын ортосунда көзөмөлгө алган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Херсон облусу өзүнчө эгемендүү республика болууну каалабайт. Аймактын аскердик-жарандык администрациясынын башчысынын орун басары Кирилл Стремусовдун РИА Новости агенттигине билдиргенине караганда, ал Россиянын курамына кирүүнү көздөйт.
"Биз өзүнчө эгемендүү республика болууну пландаган жокпуз. Биздин негизги максат — Россия Федерациясынын курамындагы субъект болуу", — деди ал.
Ошол эле учурда Стремусов белгилегендей, аймак өз тагдырын өзү аныктоо боюнча референдумга шашылган жок.
"Референдумдун жыйынтыгын баары бир Батыш өлкөлөрү тааныбайт. Демек, аны бүгүн өткөрүү убакытты текке кетирүүгө барабар. Ошондуктан референдум өткөрүү тууралуу ойлонгон да жокпуз", — деди администрация башчысынын орун басары.
Анын айтымында, алгач бейпил турмушту толук орнотуп, бийликтин бардык бутактарын калыптандырып, белгилүү бир стабилдүүлүккө жетип, социалдык-экономикалык секторду куруп, эмгек рыногун ишке киргизүү керек.
"Россияга интеграциялашуу боюнча планыбызга ылайык, биз жылдын аягына чейин Россия мыйзамдарынын бардык стандарттарына өтүү процессин бүтүрүшүбүз керек. Андан кийин гана референдум жана биздин келечектеги статусубуз жөнүндө чечим кабыл алабыз", — деди ал.
Эске салсак, Россия аскерлери Херсон аймагын марттын ортосунда көзөмөлгө алган. Шаарларда жана райондордо граждандык-аскердик башкармалар түзүлгөн. Ошол эле маалда украин аскерлери Николаев тараптан аймакты тынымсыз аткылап, Киев бийлиги ал жерде уюлдук байланышты өчүрүп, жергиликтүү тургундарга пенсия төлөөнү токтотуп койгон.
Херсон облусунун жетекчилиги аймактын Россияга кошулары тууралуу бир нече жолу айткан. РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков белгилегендей, бул маселени аймактын тургундары өздөрү чечиши керек жана ал Крымдагыдай так текшерилип, мыйзамдуу негизделиши зарыл.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Донбасс күндөлүгү: "Азовсталь", туткундар жана Батыштын майнапсыз жардамы