БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Кичинекей батирде жашоо ынтымактуу үй-бүлөдө да ар кандай көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн. Бул тууралуу психолог Мария Радченкого шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Бул жерде үй-бүлө мүчөлөрүнүн психологиялык өзгөчөлүгү тууралуу сөз болуп жатат. Айрым адамдар интроверт болушат дагы, аларга күнүнө жок дегенде 15 мүнөт жалгыздык, мемиреген тынчтык талап кылынат. Антпесе ал оюн топтоп, эс ала албай калат. Жыйынтыгында кыжыры келип, жанындагылар менен тез урушуп кетиши мүмкүн. Бара-бара бул нерсе кишини бактысыздыкка дагы алып барышы толук ыктымал", — деди Радченко.
Ал үчүн адис аялы менен күйөөсү же чоңоюп калган балдар менен "аймактарды" бөлүшүп алуу зарыл экенин айтат.
"Мисалы, аял кишиге ашкана тийди дейли. Ал жакка кирип кеткенде деле тамак жасап жатат дегенди түшүндүрбөйт. Өзүнө жаккан иш менен алек болуп же жөн гана эс алып отурушу мүмкүн. Андыктан ал учурда чогуу кирип алып, тынчын албай эле койгон туура", — деди психолог.
Ошондой эле адис чакан батирде жашагандарга жакындардын биринин кыжыры келип, үйдөгү "аба ырайы" бузулуп бара жатканда, сыртка сейилдеп же дүкөнгө барып келгени туура экенин кошумчалады.