БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун улук илимий кызматкери, медицина илимдеринин кандидаты, доцент, невролог Уулболсун Нурбекова тентек бала менен гиперактивдүү бөбөктүн айырмасын түшүндүрүп берди.
Анын айтымында, гиперактивдүү баланы тентек деп түшүнүп албаш керек.
"Гиперактивдүү бала көз көргөн жакты көздөй эч максатсыз эле чуркай бериши мүмкүн. Ал эми ээнбаш балдар каякка, эмнеге чуркап бара жатканын билет, "кой, антпе" дегенди түшүнөт. Башкача айтканда, сөзгө адекваттуу реакция жасайт. Ал эми гиперактивдүү бөбөк "муну жасаба, сен жакшы баласың да, кой антпе" деген сөздөргө маани бербейт. Кыйкырганыңа да кулак салбайт. Эгер бала мектептен же бала бакчадан жаны тынбай ары-бери чуркап, бир орунга көпкө отура албай, айткан сөзгө көңүл бурбаса, маани бербесе, сөзсүз неврологго алып келүү керек. Мунун артында олуттуу неврологиялык оору да болушу мүмкүн", — деген медик.
Нурбекова ата-энелерди үйдө балага жетиштүү көңүл бурууга чакырган. Анын айтымында, ата-эне жумуштан кийин баласына жок дегенде бир саат убакыт бөлгөнү оң.
Неврологдун маегин толугу менен Sputnik Кыргызстан агенттигинен окуй аласыздар.