Жапаров: Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу күздө башталат

Жыйында 2022–2026-жылга Кыргызстандын темир жол транспортун өнүктүрүүнүн негизги багыттары бекитилген.
Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан маршруту боюнча темир жолун куруу долбоору быйыл күздө башталат. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өкмөттүн жыйынында билдирген.
Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдиргендей, жыйында 2022–2026-жылга Кыргызстандын темир жол транспортун өнүктүрүүнүн негизги багыттары бекитилген.
"Темир жол тармагын өнүктүрүү — министрлер кабинетинин ишмердүүлүгүндөгү негизги артыкчылыктуу багыттардын бири. Ушул күздө эгемен тарыхтагы эң масштабдуу долбоор аталган Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун курууга старт беребиз. Бул долбоорду колдош керек", — деген Жапаров.
Белгилей кетсек, аталган долбоор тууралуу көп жылдан бери айтылып келет. Жакында эле анын маршруту сунушталып, курулуштун болжолдуу баасы да айтылган.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу. Бишкек Пекинге документ жөнөттү