Спорт менен машыккандар эмнеге толуп кетет? Адистин түшүндүрмөсү

Диетолог машыккандарды жай сиңе турчу углеводдорду колдонууну сунуштады. Андай азыктар глюкозанын деңгээлин узак убакыт кармайт.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Спорт менен машыгып арыктайм деп салмак кошуп алгандар эмнеден ката кетирип жатканын "Известия" дарыгер-диетолог Наталия Герасимованын айтканына таянып түшүндүрүп берди.
"Спорт менен тынбай машыккандар бир нерсени эстен чыгарбашы керек. Адам көп машыкканда тамакты да ошончо жейт. Бирок спортту таштап койсо салмак бат кошулат", — деди адис.
Ал машыккандарды жай сиңе турчу углеводдорду колдонууну сунуштады. Андай азыктар глюкозанын деңгээлин узак убакыт кармайт. Аталган зат түшүп кетсе адамдын табити ачылып, тамак-ашты ашыкча жеп алат.
"Жай сиңген углеводдор чечевица, буурчак, анын ичинде фасоль, нокотто бар. Буларды машыгууга эки саат калганда жеш керек. Кечке эле салтка айлангандай гречка менен тооктун кайнатылган этин пайдалана бербеңиздер", — деген Герасимова.
Ошондой эле ал спорт менен өтө катуу машыгуунун кереги жок экенин, жөө басуу деле пайдалуу экенин кошумчалады. Ал адамдын канча кыймыл-аракет жасаганын көрсөткөн гаджеттер бар экенин, мүмкүн болсо аны колдонуу ыңгайлуу экендигин айтты.
Диетолог: арыктайм дегендер суу, көк чай, айран ичиши керек