Кыргызстанда 111 жеке медициналык кабинет жабылат. Министрликтин билдирүүсү

Комиссия 370 менчик медициналык уюмду текшерип, 148инен инфекциялык көзөмөл стандарттарынын сакталбаганын аныктаган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Кыргызстанда лицензиялык талаптарга жооп бербеген 111 менчик медициналык кабинет/клиника жабыла турганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
6-апрелдеги буйруктун негизинде жеке медициналык уюмдардын лицензиялык талаптарга жооп берер-бербесин текшерүүчү комиссия түзүлгөн.
"Лицензиянын жоктугу, уруксатсыз жүргүзүлгөн медициналык ишмердүүлүк, даректин дал келбеши сыяктуу фактылардын негизинде кабинет/клиниканы жабуу боюнча 111 акт түзүлдү", — деп айтылат билдирүүдө.
148 медициналык уюмга инфекциялык көзөмөл стандарттарынын сакталбаганы боюнча айып салынган. Материалдардын баары Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун аймактык бөлүмдөрүнө жөнөтүлдү.
Буга чейин министр Алымкадыр Бейшеналиев 300гө чукул менчик медициналык клиниканы жаба турганын айткан.
Кыргызстанда 84 дарыкана уруксаты жок иштеп келген. Министрликтин текшерүүсү