Гиперактивдүүлүк — бул адамдын активдүүлүгү жана толкундануусу нормадан ашкан, адекваттуу эмес абал. Ал нерв системасынын бузулушунун, бир калыпта иштебей жатышынын белгиси болуп саналат. Sputnik Кыргызстан редакциясында конокто Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун улук илимий кызматкери, медицина илимдеринин кандидаты, доцент, невролог Уулболсун Нурбекова болду.
— Акыркы кезде неврологдорго гиперактивдүүлүк боюнча кайрылган ата-энелер көп экени айтылууда.
— Ооба, бирок аябай энергиясы ашып-ташыган тентек балдарды деле адашып алып келип алышат. Айрым ата-эне кабинетке кирип келип эле "балама дары жазып бериңиз" дейт. Текшере келгенде эч кандай неврологиялык дарты жок болуп чыккан да учурлар болот. Тентек бала менен гиперактивдүү бөбөктүн айырмасы бар. Гиперактивдүү бала — көз көргөн жакты көздөй эч максатсыз эле чуркай бериши мүмкүн. Ал эми ээнбаш балдар каякка, эмнеге чуркап бара жатканын билет, "кой, антпе" дегенди түшүнөт. Башкача айтканда, сөзгө адекваттуу реакция жасайт. Ал эми гиперактивдүү бөбөк "муну жасаба, сен жакшы баласың да, кой антпе" деген сөздөргө маани бербейт. Кыйкырганыңа да кулак салбайт.
Уулболсун Нурбекова: тентек бала менен гиперактивдүү бөбөктүн айырмасы бар. Гиперактивдүү бала — көз көргөн жакты көздөй эч максатсыз эле чуркай бериши мүмкүн. Ал эми ээнбаш балдар каякка, эмнеге чуркап бара жатканын билет, "кой, антпе" дегенди түшүнөт.
— Бул алгачкы белгилериби?
— Ооба, бирок ар бир баланы жекече кароодон өткөрүү абзел. Бул адамдын тибинен да көз каранды. Адамдын төрт тиби бар. Холерик, сангвиник, меланхолик жана флегматик. Кээде ата-эненин тиби бала менен карама-каршы болуп калат. Мисалы, экөө тең оор басырыктуу же жоош, бирок баласы ашынган тентек болуп чыкса айрымдар чочуркап неврологго алып келишет. Эгер бала мектептен же бала бакчадан жаны тынбай ары-бери чуркап, бир орунга көпкө отура албай, айткан сөзгө көңүл бурбаса, маани бербесе, сөзсүз неврологго алып келүү керек. Мунун артында олуттуу неврологиялык оору да болушу мүмкүн. Мындан тышкары, үй-бүлөдөгү психологиялык атмосфера да кичинекейлерге аябай таасир этет. Андыктан бөбөктү дарылоодон мурун дарыгерге кайрылып, дыкат текшерүүдөн өтүү зарыл. Оорунун себебин аныктоо керек.
Анан да наристеге үйдө жетиштүү көңүл буруу сунушталат. Ата-эне жумуштан кийин баласына жок дегенде бир саат убакыт бөлгөнү туура. Мүмкүн ал сизге бир нерсе айткысы келип жүргөндүр. Балаңыз менен сүйлөшүңүз, оюн сураңыз, жан дүйнөсүнө кириңиз.
— Азыр көбүнчө балага телефон карматып коюп жатпайбызбы...
— Бөбөккө көңүл буруу жетишпесе да психологиялык көйгөйлөр келип чыгат. Кичинесинде "бала бакчада эмне болду, ким менен ойнодуң?" деген өңдүү суроолорду берип бөбөк менен сүйлөшүү керек. Бала 13-14 жашка чыкканда ичиндеги бугун чыгара албай кыжырдана баштайт. Же такыр түнт болуп кетет. Анын себебин билгиси келген ата-эне баласына ар кандай суроолорду берип, анын жан дүйнөсүнө киргиси келет. Ошондо гана кызыга баштайт. Албетте, бул куракта бала ата-энесине ачылбайт. Анткени ал ичиндегисин айтып, оюн бөлүшүп көнгөн эмес. Билбейт дагы. Ата-эне ага көндүргөн эмес. Анан алар уулуна же кызына нааразы болушат же өткөөл курак деп тим болушат.
— Баланын гиперактивдүүлүгүнө башка неврологиялык оорулар да себеп болушу мүмкүн экендигин айттыңыз...
— Ооба, алгач гиперактивдүүлүк синдромунун себебин аныктоо керек. Бул атайын шкала менен аныкталат. Неврологиялык олуттуу дарт айрым учурда гиперактивдүүлүк синдрому аркылуу белги бериши да ыктымал. Мындай балдардын тили жакшы чыкпай, оюн толук билдире албай калышы мүмкүн. Ичиндегисин түшүндүрө албаган бөбөк, албетте, кыжырданат. Ошентсе да көбүнчө неврологиялык башка кошумча ооруларсыз эле гиперактивдүүлүк синдрому аныкталат.
— Баланын гиперактивдүү болуп калышынын себеби эмнеде?
— Негизи кош бойлуу кезде аял стресс, депрессия болсо, наристе тубаса церебралдык шал оорусуна (ДЦП) чалдыгып, сүйлөө кебинин өнүгүшү кечеңдеп, гиперактивдүү болуп же дагы башка ооруларга кабылышы мүмкүн. Ошол себептен аталар жубайынын кош бойлуулугу тынч өтүүсүн камсыздашы керек. Анткени мындан баланын келечеги көз каранды.
Муну менен катар туура эмес тамактануунун да залакасы тиет. Баланын гана эмес, эненин да тамагына өзгөчө көңүл буруу керек. Анткени кээ бир витаминдердин жана минералдардын жетишсиздиги же, тескерисинче, ашыкча көп болушу неврологиялык ооруларга алып келиши мүмкүн. Ошондой эле бойго бүтөргө чейин аз кандуулуктан арылып, кош бойлуу кезде суук тийүү, сасык тумоодон алыс болуу абзел.
Уулболсун Нурбекова: бөбөккө көңүл буруу жетишпесе да психологиялык көйгөйлөр келип чыгат.
© Фото / Искендер Эрмеков
— Бөбөктө гиперактивдүүлүк синдрому аныкталгандан кийинки кадамдар кандай болушу керек?
— Невролог адисинин жардамын алуу керек. Анын көрсөтмөсү менен дарыланууга өтөт. Бул дарттын биринчи фактору — генетика, экинчиси — кош бойлуулук, ал эми үчүнчүсү — үй-бүлөдөгү эмоционалдык-психологиялык кырдаал. Эгер үйдө эмоционалдык абал начар болсо бала тез кыжырданып, чыргоо болуп калат. Кээде бизге көрүнүүгө келген балдар "ата-энем үйдө кыйкырышып урушканда башым же жүрөгүм ооруп жатат десем урушпай, дароо мага көңүл буруп калышат. Ошол себептен кээде ушинтип айтам" дейт.
Британиялык дарыгерлер да изилдөөлөрдөн соң дарылоо ишин ата-энелерге чүрпөсүнө мамиле кылуу техникасын үйрөтүүдөн баштоону колго алышкан. Баланы тарбиялоодо анын да оюн угуп, өз алдынча бир нерсе жасоосуна шарт түзүү керек. Аларды ашыкча көзөмөлдөп, коргой берген да болбойт. Баланы чектен ашып эле аңдый берсең чечкинсиз болуп калат. Кээде "эркектер былжырап эркектей болбой калды" деп наалыйбыз. Мына ошого чектен ашып бөпөлөп, жыгылып кетсе да чуркап барып, наристесин айланчыктай берген ата-энелер күнөөлүү.
— Айрым учурда баланын эмгеги эрте катканынан улам мээдеги кан басымдын жогорулашына кабылганын айтышат.
— Негизи баланын эмгеги ката турган атайын мезгили бар. Азыр көп наристелердин эмгеги убагынан эрте катып калган тенденция байкалууда. Бирок мындан чочулабай, алгач баланын эмоционалдык интеллектисинин өрчүшүнө көңүл бурушубуз керек. Эгер ал жайында болсо, андан кам санап кереги жок. Ошондой эле мээдеги кан басымдын жогорулашы да наристенин гиперактивдүү болушуна түрткү бериши мүмкүн.