Таласта жана Баткенде жаш балбандар күч сынашат. Мөөнөтү

Турнир грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мурдагы капитаны Каныбек Жолчубековдун демилгеси менен өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Талас жана Баткенде жаш балбандар арасында республикалык турнир өткөрүлөт. Бул тууралуу Күрөш федерациясы кабарлады.
"Манас" аталышындагы мелдеш 20-21-май күндөрү Талас шаарындагы "Газпром" спорт комплексинде өтөт. Ага 18-20 жаштагы спортчулар катыша алат.
Ошондой эле 4-5-июнь күндөрү "Сейтек" аталышындагы мелдеш Сүлүктү шаарындагы "Бакай" спорт комплексинде болору айтылды.
"Манас, Семетей, Сейтек" турниринин демилгечиси — белгилүү балбан Каныбек Жолчубеков. Ал студенттер арасында эки жолку дүйнө чемпиону, жаштар арасында дүйнө чемпиону, Азия чемпиону, ошондой эле Азия оюндарынын вице-чемпиону. Спортчу килемде 60 килограмм салмактагылар арасында күч сынашып келген. Улуттук курама команданын капитаны болчу. 2020-жылы спорттон кетүүнү чечкенин жар салган.
Ал 1989-жылы 8-октябрда Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районундагы Миң-Булак айылында туулган.
Эртеби-кечпи, жолугабыз! Акжол Махмудов Роман Власов менен беттеши жылганын билдирди