Россиянын эмгек сиңирген артисти Ольга Гришенкова "Конек-Горбунок" балетинин репетициясында Падыша кыздын ролунда (ортодо). Новосибирскидеги опера жана балет театрынын сахнасынан бир ирмем.
Бишкек шаарында "Өлбөс полк" жүрүшү Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына карата 9-майда өттү. Анын катышуучулары Байтик баатыр көчөсү менен төмөн түшүп, "Жеңиш" аянтына келип токтоду. Милициянын маалыматына караганда, ага 15 миңге чукул адам катышты.
Т-72Б3М танкалары 9-майда, Улуу Жеңиштин 77 жылдыгында, Москва шаарындагы Кызыл аянттан өттү. Бул парадга 11 миң киши катышты.
Ханойдо (Вьетнамда) өтүп жаткан XXXI Түштүк-Чыгыш Азия оюндарындагы (SEA Games 31) бийчилер
Грозныйдагы Ахмат Кадыров атындагы "Чеченстан жүрөгү" деп аталган мечиттин жанында жүргөн бала
Моделдер Etam брендинин купальниктерин көрсөтүп жатат. Жер ортолук деңиз, Корсика аралында өткөн мода боюнча иш-чарадан бир көрүнүш.
Россиялык аскерлер бошоткон Мелитополь шаарында "Өлбөс полк" акциясы өттү. Андан кийин кайрадан күйгөн Өчпөс отко гүл коюшту.
Модель көчө модасын көрсөтүү боюнча өткөн иш-чарада. Уаге (Буркина-Фасо) шаарындагы мода жумалыгы.
Россия лидери Владимир Путин Москвада Кызыл аянтта өткөн "Өлбөс полк" жүрүшүнө катышты. Ал Улуу Ата Мекендик согушка катышкан атасынын портретин көтөрүп чыкты.
Шри-Ланка президентинин Коломбодогу кеңсесинде өкмөт менен демонстранттардын тарабындагылар кагылышты. Полициянын маалыматында башаламандыктан тогуз адам көз жумган. Алардын экөө полиция кызматкерлери экени айтылды. 240 адам жаракат алган. Бул нааразылыктардан соң өлкөнүн премьер-министри Махинда Раджапакса отставкага кеткен.
Чолпон-Атада өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун Run The Silk Road деп аталган марафонунун катышуучусу. Жарышка Ысык-Көлдүн жээгине 22 өлкөдөн 3 000ге чукул жөө күлүк катышты.
Чехиядагы Долни Морава айылындагы дүйнөдөгү эң узун асма көпүрө. Анын узундугу 721 метр, деңиз деңгээлинен 1 100 бийиктикте. Көпүрө эки тоону бириктирип турат.
Бразилияда өткөн расизмге каршы маданий-диний фестивалдагы кыздын сүрөтү
Чолпон-Атада өткөн Issyk-Kul ITF 2022 деп аталган туристтик жарманке-көргөзмөсүндөгү кыздар. Иш-чарага Кыргызстандын бардык облустарынан келип улуттук продукциялар менен салт-жөрөлгөлөрдү көрсөтүштү. Жарманкеге чет элден да келишти. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.
Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына арналган, Волгограддагы Мамаев курганда атылган майрамдык салют. Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын элесине арнап салют атуу салты 1943-жылы 5-августта Кызыл армия Орел менен Белгородду бошоткон соң башталган.
Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын Пхеньяндагы COVID-19 оорусу чыкты деп таанылган окуя боюнча өткөн жолугушууда бет капчан отурат. Аталган өлкөнүн бийлиги коронавирус пандемиясы башталган мезгилден тарта биринчи ирет ооруп калган киши аныкталгандыгын билдирди. Акыркы күндөгү маалыматтарда ооругандар көбөйүп, көз жумгандар да болуп жатканы кабарланды.