Sputnik Кыргызстан редакциясы окутуучулардын үнүн коомго жеткирүү, бүгүнкү күндү алардын көзү менен карап көрүү максатында "Мугалимдин күндөлүгү" рубрикасын сунуштап келет. Мында ар бир мугалим мектептеги, коомдогу жүрөгүн өйүгөн, кесибине байланышкан маселелерди кагаз бетине түшүрүп, окурман менен ой бөлүшө алат.
Бул ирет Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын бириндеги мектепте иштеген мугалимдин күндөлүгүн жарыялайбыз.
...Күндөлүгүм бүгүн кандай сөздөр тизмектелет деп чыдамсыздык менен күтүп жатсаң керек. Мугалимдин ар бир күнү өзгөчө жаңылыктарга, эмоцияга бай болорун билесиң. Көз ирмемдерге чейин көөдөнүмө батпай турган ызамды тез аранын ичинде кагаз бетине түшүрүп, болгон оюмду бөлүшпөсөм азыр эле тарс жарылып кетчүдөймүн.
Кечээ кечкурун классымда окуган бир кыздын атасы телефон чалган. Саламдашкан кийин: "Сиз өзүңүздүн классыңызда эмнелер болуп жатканын билесизби? Whatsapp тиркемесинде кандай группаларды ачып алганынан кабардарсызбы? Мен сизге класс жетекчилик боюнча бир катар кеңеш берейинчи…", — деп эле капталдан сүзүп качыргандай болду. "Классыңыздагы бир кызга класс жетекчи аткара турган иштердин баарын өткөрүп берип коюптурсуз. Ал кыз өзүнүн статусуна таянып менин кызыма чоң болот экен. Жума ичинде кызымды үч жолу нөөмөткө тургузуп, класс тазалатыптыр. Сиз деги классыңыз менен иштейсизби? Эмнеге мындайга жол бересиз?" — деп кыйкырып, урушуп кирди. Оозумдан сөзүм түшүп, мындайды күтпөгөн жаным бир аз дендароо да боло түштүм. Анан эсиме келе калып: "Эртең мектепке келиңиз, аки-чүкүсүн териштирип, кыздардын ортосунда болуп жаткан нерселердин чын-төгүнүн аныктайлы", — деп сөздү токтоттум. Телефонду койдум. Бирок бир топко чейин азыр эле уккандарымды анализдей албай кызыктай абалда калдым. Анткени мындай чуунун артында көпчүлүк учурда мугалимди күнөөлөп киришет.
Эртеси түшкө маал баягы ата мектепке келгенин айтып телефон чалды. Дароо класска чакырдым. Кызы мурдун көтөрүп "мына, атам келди, азыр силерге көргүлүктү көрсөтөт" дегенсип кыздарды да каарып бой көтөрө турду. Мен чынында маселенин түйүнүн чечүүгө далбастадым. "Кана, ортоңордо эмне чыр бар, айткылачы!" деп оозумду жыйганча класстагы кыздар-балдар чурулдап туш тарабымдан чыгышты. Ар бири бул кыздын жосунсуз жоруктарын түшүндүрүп, атасына даттанып да жатышты. Атасы анын баарын далилдүү уккан сайын башы шылкыйып туруп берди. Кызы алдаганын түшүнүп, жагымсыз нерселерге бир гана кызы күнөөлүү экенин билди. Баягы мага акыл үйрөткөнү келген ата "лам" дей албастан класстан чыгып кетти. Бирок ичимдеги ыза баары бир уйгу-туйгу кылып, бушайман боло бердим. Ушундай замандаш, биринчи мугалимди беттен алып, аны жер менен жексен кыла сүйлөөдөн мурда окуянын түбүн билүү керек. Кээде балдар алдап да коюшу мүмкүн. Менимче, мугалим менен ата-эне бир тарап болгону туура. Жок, мен баланы экөөлөп ортого алып төпөштөө керек дегенден алысмын. Бирок бир нерсенин чындыгына жетмейин сабырдуу болсоңуздар. Антпесе өзүңөр да уят болуп, балага да камгактай жеңил, жаман үлгү көрсөтүп коюшубуз мүмкүн. Бул ата дагы жакшы, уялып чыгып кетти. Айрым апалар уят болсо деле, мойнуна алгысы келбей "меники туура" дей беришет.
Тобо, бул өзү кандай заман деги. Мугалимге окуучунун ата-энеси акыл үйрөтмөк турсун, тээ алыстан көрсө чуркап келип саламдашып, жан-алы калбай эсенчилигин сурап, жан дили менен ызаат көрсөткөн кез каякта калган? Ата-энеси коом агартуучуларына мындай мамиле кылса, бала да ошондой мамиле жасайт. Ооба, айрым учурда башка окуучулардан да чындап чекилик кетиши мүмкүн. Бирок баарын бышыктап, анан кийин маселени чечүү жолун сүйлөшүү керек.