БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Финляндия башчысы Саули Ниинистё менен телефон аркылуу сүйлөшүп, тараптар Финляндиянын НАТОго кошулуу ниетине байланыштуу пикир алмашты. Бул тууралуу РИА Новости Кремлдин маалыматына таянып кабарлады.
Билдирмеге караганда, Путин Финляндиянын коопсуздугуна коркунуч жаралбагандан кийин аскердик нейтралитеттин салттуу саясатынан баш тартуу ката болуп каларын белгилеген. РФ президенти өлкөнүн тышкы саясий курсунун мындай өзгөрүүсү Россия-Финляндия мамилелерине терс таасирин тийгизиши ыктымал экенин кошумчалаган.
Президенттер Украинадагы кырдаалды да талкуулашкан. Путин Киев тарап таптакыр токтотуп койгон Россия менен Украина өкүлдөрүнүн ортосундагы сүйлөшүү процессине баа берген.
Сүйлөшүү Финляндиянын демилгеси менен ишке ашкан.
Эскерте кетсек, Финляндия менен Швеция көп жылдык нейтралдуулуктан баш тартып, НАТОго кирүү мүмкүнчүлүгү боюнча кеп кыла баштады. Альянстын башкы катчысы Йенс Столтенберг бул мамлекеттер аскердик блокко кирүүнү кааласа НАТО аларды тез кабыл алууну камсыздай турганын билдирген. АКШнын НАТОдогу туруктуу өкүлү Жулиан Смиттин айтымында, уюм Швеция менен Финляндия жакынкы айларда же жумада альянска кирүү боюнча өз алдынча чечим чыгарат деп күтүүдө. Ал Кошмо Штаттар бул мамлекеттердин НАТОго кошулуу чечимин колдой турганын кошумчалаган.
Россия эки өлкөнүн НАТОго кошулушун колдобойт. РФтин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев эгер бул нерсе ишке аша турган болсо, чек араны бекемдөөгө туура келерин айткан. Себеби альянстын Россия менен болгон кургактагы чек арасы эки эсе узаргандыктан Москва НАТОнун агрессивдүү аракеттерине даяр турушу керек болот.