Садыр Жапаров КТРКны реформалоо боюнча мыйзамга кол койду

Мыйзам редакциялык саясатты өз алдынча аныктоо үчүн шарттарды түзүүгө, маалыматтык продукциянын (контенттин) сапатын жогорулатууга, корпорациянын башкаруу чечимдерин өркүндөтүүгө багытталган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдирди.
Эске салсак, Жогорку Кеңеш бул мыйзамды ушул жылдын 6-апрелинде кабыл алган.
"Документ Коомдук телерадиоберүү корпорациясын Улуттук телерадиоберүү корпорациясына айландыруу аркылуу реформалоого багытталган. Анда телерадио уюмунун статусу, өлкөнүн маалымат мейкиндигинде жана мамлекеттик маалыматтык саясатты ишке ашыруудагы ролу жана орду аныкталат", — деп айтылат билдирүүдө.
Мыйзам ошондой эле редакциялык саясатты өз алдынча аныктоого, маалыматтык продукциянын (контенттин) сапатын жакшыртууга, корпорациянын башкаруу чечимдерин өркүндөтүүгө шарттарды түзүшү керектиги белгиленген.
Ысык-Көлдүн тургундары эми пляждарга тоскоолдуксуз кире алат. Жапаровдун жарлыгы