БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүндө Кыргыз Эл Баатыры, КРдин эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин эстелиги орнотулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият министри Азамат Жаманкулов, белгилүү мамлекеттик, коомдук жана маданий ишмерлер катышкан.
Драматург, кинодраматург 2021-жылы 25-апрелде 85 жаш курагында дүйнө салган. Эки күндөн кийин, 27-апрелде, аялы Сабира Турсункулова көз жумган. Жубайлар 65 жыл бирге өмүр сүрүп, эки уул, бир кыздуу болушкан. Эстелик ташка жубайынын сүрөтү да түшүрүлдү.
КР Баатыры коомчулукка "Атанын тагдыры" аттуу драмасы менен таанылган. Анда драматург кайраттуу карыянын согуш кесепетинен башына түшкөн оор кайгысы аркылуу бүткүл элдин муңун чагылдырган. Бул чыгарма Кыргыз драма театрында 500дөн ашык жолу коюлган.
Жакиевдин "Миң кыял", "Алтын аяк", "Өкүм", "Эртең – жаңы жыл", "Жолугушуу", "Күттүргөн жаз да келер", "Саадак какты", "Жүрөлүчү жүрөк оорутпай", "Жаза" жана башка драмалары бар. Мындан тышкары, бир катар новелла, аңгеме, очерк, киносценарийлердин автору. Жакиевдин айрым чыгармалары орус, якут, казак жана башка тилдерге которулган жана азыркыга чейин чет өлкөлөрдөгү театрларда коюлуп келет.