Көчмөн турмуш артта калгандай көрүнөт, бирок баалуулугу терең жана татаал. Маек

Кыргыздан башка да көптөгөн эл көчмөн цивилизациясын баштан өткөргөн. Алардын арасында отурукташып, көчмөндүктү унута түшкөндөрү да бар. Байыркы калк экенине карабай кыргыз эли ушул күнгө чейин көчмөндүктүн түпкү элементтерин сактап келет.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттигинде тарых илимдеринин кандидаты, доценттин милдетин аткаруучу, кыргыз көчмөн турмушунун изилдөөчүсү, бул багытта бир канча илимий макала жана монография жазган Бактыбек Исаков болду. Көчмөн элдердин ичинен кыргыз элинин көчмөн философиясы эмнеси менен айырмалангандыгы кызык.
— Кыргыз эле эмес, дүйнөдөгү көптөгөн эл көчмөн цивилизациясынан чыкканын айтып, түбү биз менен тууган болуп кетебиз дегендер да болгон. Кыргыздын көчмөн цивилизациясынын философиясы, түпкү маңызы эмнеде?
— 2014-2015-жылдары Европанын Erasmus+ деп аталган окумуштууларды колдогон жакшы долбоорунан грант утуп алып, Италияда 10 ай изилдөө жүргүзүп келдим. Иликтөөчү темам кыргыз көчмөндөрдүн чөйрө таануусуна арналган. 1867-68-жылдары Борбор Азияга түбү венгриялык Арминий Вамбери деген окумуштуу келген. Ал убакта чек ара, транспорт жок болгондуктан, Вамбери кичинекей куржун асынып алып, дербиш катары кыдырган экен. Ал Түркмөнстанга, андан Борбор Азия көчмөндөрүнө чейин жөө келген. Окумуштуунун кийин китеби чыгып, ал китепте көчмөндөрдү аралап кетип баратса боз үйдүн жанында бир кемпир оокат жасап жүргөндүгү жазылат. Анан Вамбери булардан сурайынчы деген ойдо кемпирдин жанына барып: “Апа, айтыңызчы, сиздер эмнеге көчүп жашайсыңар?” деп сурайт. Ошондо кемпир: “Молдом (мурда окуган адамдарды, дервиштерди да молдо деп атап койгон — ред.), эки жагыңызды, айланаңызды, куштарды, жаныбарларды, күндү, жылдызды, булутту караңызчы. Көчпөгөн эмне жана ким бар?” дейт. Андай жоопту күтпөгөн Вамбериге кемпир кайра: “Албетте, айланада баары көчүп турса, тирүү жан болгондон кийин биз да көчөбүз” дейт. Ошол кемпирдин кыска-нуска жообун мен кыргыздын көчмөн философиясынын өзөгү, негизи катары көрөм. Карасаңыз, табият да көчөт эмеспи. Ал кемпир адам баласы жөн гана жерде жашаган жандык эместигин айтып, ай, жылдыз, күн, жаратылыш, баары бир гармония, баары космологиялык бир системанын мүчөлөрү экенин айтууда. Кемпирдин жообу космология өзү кыймылда, демек, биз да милдеттүү түрдө кыймылда көчүп турушубуз керек дегенди билдирет.
Бактыбек Исаков: биз коомду, элди отурукташкан же көчмөн деп экиге бөлүп карайбыз. Ошол контексттен алып караганда кыргыздар тарыхта толугу менен тарыхый миграцияга бай эл
— Кыргыздар ушул күнгө чейин көчмөн цивилизациясын сактап келе жатышат. Себеби эмнеде деп ойлойсуз?
— Биз коомду, элди отурукташкан же көчмөн деп экиге бөлүп карайбыз. Ошол контексттен алып караганда кыргыздар тарыхта толугу менен тарыхый миграцияга бай эл. Биз тууралуу эң биринчи маалымат Кытай жылнаамасында (Сыма Цяндын эмгеги) Гянь-Гунь мамлекети деп берилет жана ал учурда Енисейде болгонбуз. Анан Ала-Тоого чейин көчүп келиши дароо эле ишке ашкан эмес, жүздөгөн жылдарда акырындан көчүп келген. Биринчи Енисейден Алтайды көздөй көчүп барышкан. Алтайдан кыргыздар чачырап кайра бириккени "Манас" эпосунда “Бири кетти Алтайга, бири калды Каңгайда” деп айтылып жатпайбы. Кайра эле эпосто “Кыргыздардын Алтайдан Ала-Тоого” көчүшү ачык чагылдырылып турат. Алтайдан кийин Борбор Азияга көчүп келишкен, Маджму ат-Таварих аттуу эмгекте берилгендей, ХVI кылымда кыргыз уруулары түзүлүп оң канат, сол канат болуп, эл катары түптөлө баштаган. Бирок Ала-Тоого келгенден кийин бир орунда жылбай туруп калган эмес, миграция кайрадан башталган. Себеби 1635-жылы калмактар мамлекет куруп, түз эле Борбор Азияга чабуул коюп, “казак кайың саап, кыргыз Ысар Көлөпкө качканда” деп айтылган доор келген. Кыргыз эли Өзбекстан, Тажикстан тараптагы Гисар, Куляб, Жерге-Талга чейин кетип, кайра төрт муун алмашканда, болжол менен 100 жылдан кийин кайра кайтып келишкен. Бул жерге келгенден кийин да көчмөндүк токтобой, мезгилдик көчмөн циклин улантышкан. Бизде көчмөндүк кандайдыр бир канга сиңип калган сыяктуу.
Этнограф Капалбаев: кыргыздар атасы тирүү болсо 60 жашта да сакал койгон эмес
— Отурукташып калганыбызга үч кылым болуп бара жатат. Башка улуттардай эле көчмөндүгүбүздү унутуп калышыбыз мүмкүнбү?
— Түркиянын чыгыш тарабында көчмөндүк турмуш сакталып калган. Бирок көбү шаарга отурукташып, шаардык болуп кетишкен. Кыргыздарды болсо отурукташтырган учурда чачыратпай, уруу-уруу бойдон жайгаштырышкан. Демек, уруу түзүлүшү жана ага канатташ көчмөндүк оңой менен жоголбойт.
Көчмөндөрдү изилдеген япон окумуштуусу Мацубара Масатаке, өзү номадист, адам баласы көчмөн турмушту жаныбарлардан үйрөнгөнүн айтат. Себеби илгерки доордо адам жан-жаныбарлар менен жан сактап, алар жер которгондо ачкадан өлбөш үчүн кошо ээрчип көчүп жүргөн. Күн сууганда алардын артынан кайра көчүп келген деп айтат. Мен бул пикирге кошулам. Адам көчмөн турмушту жапайы жандыктардан үйрөнгөн. Белгилүү археолог Кубат Табалдиев кайсы бир талаа изилдөөсү учурунда малчылар менен сүйлөшүп отуруп, алардан эмнеге көчө берерин сураганда, “мал качып калат” деп жооп беришкенин айтат. Ошол сөз мага таасир берди. Менин балалыгым Соң-Көлдө өткөн. Сентябрда Соң-Көлдө мал чөп жебей калат. Анткени ал учурда күн суук, чөп да абдан муздак болуп, оттогонго мүмкүн эмес. Түштөн кийин гана жегенге жарамдуу. Анан ачка мал ылдыйды көздөй, жылуу чөпкө качып калат. Ошол себептен малчылар ички жайлоону көздөй кетишет. Кийинки жылы, жаздоо учурунда күн ысыган сайын мал турбай серүүн жакка, өйдөнү көздөй качып калат. Анткени чымын-чиркей чөп жедирбей кууратат. Япон окумуштуусунун пикири ушул жерден да тастыкталып жатат. Буга климат, анан географиялык шарт таасир этет.
Кыргыздын калпагы эле эмес, тамак-ашы, кийими да жаратылышка ылайыкташкан эмеспи. Керек болсо казак менен кыргыздын музыкасында да айырмачылыктар бар. Казактардын музыкасы талааларындай тегиз, анан жайылып чыгат. Биздики тоолорубуздай бийик, шаңшып турат.
Бактыбек Исаков: кыргыздарды отурукташтырган учурда чачыратпай, уруу-уруу бойдон жайгаштырышкан. Демек, уруу түзүлүшү жана ага канатташ көчмөндүк оңой менен жоголбойт
— Көчмөн элдерди санап берсеңиз?
— Дүйнөдө көчмөндөр алты-жети формага бөлүнөт. Мисалы, Индонезия тарапта суу көчмөндөрү жашайт. Алардын үйлөрү сүзгөн кайык сыяктуу. Ал жакта 30 миң арал бар, ошол жактагы майда-майда көчмөн эл бири-биринин тилин түшүнбөй жүрө беришет. Ошондой эле арабдар (бедуиндер) чөл көчмөндөрү болуп саналат. Алар улам эки айлап жылып жүрөт. Сууга карап эле көчүп кете берип, бир кеткен жерине кайра келбейт, балким, он жылдан кийин кайрылышы мүмкүн. Биздики болсо цикл менен айланып турат. Андан тышкары, Норвегияда, чукчаларда да көчмөндүк турмуш бар. Булар бугу баккан көчмөндөр. Мен Италияга барганда кызык жагдай болду. Мага бир семинар өтүп берүүмдү суранышкан. Анан эң биринчи эле Санта-Клаустун сүрөтүн коюп, “бул жакта эмне көрүп жатасыңар?” десем, баары эле Сантаны көргөнүн айтышты. Мен аларга Санта-Клаустун көчмөн экенин, Россиянын түндүгүнөн Европанын түндүгүнө чейин бугу баккан көчмөндөр жайгашканын айтып, түшүндүрүп бердим. Мында бугу баккан көчмөндөрдүн жашоосун жана Сантанын көчмөн турмуш философиясынан алынганын факт менен ынандырууга болот.
— Кыргыздар көчмөндүктөн отурукташууга өткөндө эмне жоготуп, эмне тапты?
— Примордиалисттик жана конструктивдик көз караш бар. Примордиалисттик көз караш — кыргыздын негизги баалуулуктарынын сакталып калышын маанилүү көрөт. Конструктивдик көз караш — жашоо-турмуш өзгөрүп жатат, демек, баары конструкцияланышы керек дейт. Мен бир нерсе жоготту же тапты деп деле айтпайм. Бирок конструктивдүү көз карашка кошулам. Доор өзгөргөн сайын жашоо эскирген формада калбай, талапка ылайык өзгөрүүсү керек. Экинчиден, ээр токум, боз үй мунун баары кыргыздын таза көчмөн жашоосунан калган баалуулук. Ал эми көчмөн турмушка чейинки биздин баш кийимибиз, үйүбүз кандай эле, муну биз так айта албайбыз. Ошол себептен доор алмашуу менен баары конструкцияланып турган. Ал тургай табият, алма багы да өз мөмөсүн мезгилге ылайык берген сыяктуу өзгөрө берет.
— Көчмөн цивилизациясы айрым адабияттарда караңгылык катары сүрөттөлөт. Бул мурунку, эски доор болгон үчүн элеби же көчмөндөргө тиешелүү портретпи?
— Изилдөө ишимдин жетекчиси түркиялык күчтүү профессор болду. Кийин Америкадан окуп, анда да мыкты жетекчиге жолуктум. Ал кишини Соң-Көлгө алып келгем. Экөөбүз жети күн чабандар жегенди жеп, алар жасаганды жасап жашадык. Ошондо бир жыйынтыкка келдим. Сыртынан караганда көчмөн турмуш артта калгандай көрүнөт, бирок изилдей келгенде бай, баалуулугу терең жана татаал. Биз азыр мунун баарын түшүнө албайбыз. Мындан 50-100 жылдан кийин жаңы муун бизди караңгы деп айтары бышык. Бул конструкция.
Бактыбек Исаков: кыргыздын калпагы эле эмес, тамак-ашы, кийими да жаратылышка ылайыкташкан
— Бирок этнограф, кыргыз таануучулардын айтымында, көчмөндөр сөзгө сараң, ар бир кыймылынын мааниси бар, жашоо маданияты жогору болгондугун айтышат. Өздөрү караңгы болсо буга кантип жетишкен?
— Көчмөндүк — бир күндө курулган эмес. Төрт мезгилге карата көчкөн циклдик жашоосун кыргыздар бери жагы эле 200 жыл жашаган. Эгер муун менен санай турган болсок, 8 жолу муун алмашып жатат. Ушул циклди бир эле жерде ушунча жыл кайталай турган болсо, эмне деген баалуулук, жашоо формуласы калыптанат? Көчмөн баалуулуктарынын түптөлүп калышынын бир чоң себеби ушул. Бекемделип, жалпы кыргызга жайылтылган. Кыргыздын ар бир сөзүнүн мааниси терең, кээде карап таң калам. Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы дешкен. Сөзгө да аябай сараң болгон. Анын себеби, климаттан жана географиядан.
— Климаттын кандай тиешеси бар?
— Суук жерде жашаган ысык жерди байырлагандарга караганда аз сүйлөшөт. Мисалы, Фергана өрөөнү, Тажикстан, Өзбекстандагылар салыштырмалуу көп сүйлөп, сөзгө чечен болот. Көчмөндөрдүн агарып, карарганын, денесинин түгүнөн бери ХIII-XIV кылымдагы тунистик изилдөөчү окумуштуу Ибн Хальдун аябагандай так классификациялап берген. Кыргыздар табият менен гармонияда жашаган. Бул жагынан да аябагандай сонун фактылар бар. Бул гармония бара-бара бузулат. Илим менен техника өнүккөн сайын адамдын жан багуу стратегиясы да өзгөрөт. Барган сайын малчылык мамлекеттин бир тармагы катары эле калат. Муну менен көчмөн цивилизация жоголуп, экономиканын бир түрү болуп калары шексиз. Биз күлгөн койго паспорт берүү мунун башталышы да.
Чал да, мастан да — карыя, баарынын өз орду бар. Кыргыз таануучунун түшүндүрмөсү