Сүйлөшкөн болбойт экен! Депутаттар Казакстанга суу бербей жаап салууга чакырды

Маматалиев казак тараптын негизги максаты ачык-айкындуулук эмес башкада экенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары жыйында жүк өткөрүү көйгөйүнө байланыштуу өкмөттү Казакстанга суу берүүнү токтотууга чакырды.
Эл өкүлү Марлен Маматалиев кайсы бир премьер-министрдин учурунда кыргыз-казак чек арасынан жүк өткөрүү ЕАЭБдин алкагында эмес, эки тараптуу маселе катары каралып калганын белгиледи.
Депутат Марлен Маматалиев
"ЕАЭБ өзүнүн чечимин чыгарган, Россия тарап да "тоспогула, болбойт, акыңар жок" деп айткан. Мына көрүп жатабыз, ар кандай тоскоолдуктарды жаратып жатышат. Казакстандын негизги максаты башкада. Кытайдан келген жүктүн баары Казакстан аркылуу өтсүн деген саясатты жүргүзүп жатышат. Анда суу бербегиле, токтоткула, жапкыла! Мүнөздү кичине көрсөтөлү", — деди Маматалиев.
Дагы бир парламентарий Арсланбек Малиев сүйлөшүүдөн натыйжа болбой калганын айтып, эртеңден тарта сууну жабууга чакырды.
Депутат Арсланбек Малиев
"Казак туугандар түшүнбөй жатат окшойт. Сууну өзүбүзгө сактабай, жазында аларга берип жатабыз. Андыктан министрлер кабинетинен талап кылам, эртеңден баштап сууну жаап таштагыла. Бүттү, маселе чечилет, Токмокко чейин кезек күтүп турган автоунаалардын баары токтоосуз өтүп калат. Сүйлөшүүлөр натыйжа бербейт экен", — деди Малиев.
Белгилей кетсек, кыргыз-казак чек ара пунктунан жүк ташуучу автоунаалардын өтүшү көп жылдан берки негизги көйгөй болууда. Бул маселе өкмөттөрдүн, президенттердин деңгээлинде көтөрүлгөнүнө карабай тоскоолдуктар болуп келет. Кээде чек арадан өтө албай кезек күткөн транспорттун саны 4-5 чакырымга чейин жетет.
Кыргызстан кыргыз-казак чек арасындагы "көмүскө" схемаларды жоюуга күч жумшайт