Садыр Жапаров экс-президент менен "Өчпөс отко" гүлчамбар койду. Видео

Бишкек шаарында Жеңиш майрамына карата бир катар эскерүү иш-чаралары өткөрүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына карата өлкө башчы Садыр Жапаров "Өчпөс отко" гүлчамбар койду.
Салтанатка ошондой эле экс-президент Сооронбай Жээнбеков, парламент спикери Талант Мамытов, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев, Бишкек шаарынын мэри жана башкалар катышты.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына арналган "Өлбөс полк" акциясынын жүрүшүн Sputnik Кыргызстандын онлайн-репортажынан көрүүгө болот.
Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына карата "Баатыр баяны" тасмасы көрсөтүлөт