Ош шаарында дагы "Өлбөс полк" жүрүшү өттү. Видео

Катышуучулар "Өчпөс от" мемориалдык комплексине чейин барышты.
Sputnik
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Кыргызстандын экинчи ири шаары Ошто дагы "Өлбөс полк" жүрүшү өттү.
Фронтчулардын жана оорукта эмгектенгендердин балдары, неберелери, туугандары алардын сүрөттөрүн көтөрүп чыгышты. Катышуучулар Ош улуттук драма театрынын алдынан "Өчпөс от" мемориалдык комплексине чейин барышты. Ал жерде митинг-реквием өтүп, гүлчамбар коюлду. Ошондой эле курман болгон жоокерлерди эскерип, куран окулган.
Мэриянын маалыматы боюнча, акцияга 4000ге чукул адам катышты.
Белгилей кетсек, "Өлбөс полк" жүрүшү Кыргызстандын эки шаарында, Бишкек менен Ошто өттү. Борбор калаадагы жүрүшкө 20 миңдей адам катышты.
Акыркы эки жылдан бери "Өлбөс полк" жүрүшү Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаалдан улам онлайн-форматта уюштурулуп келген. Быйыл Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына карата кадимки тартипте өтүүдө.
Sputnik Кыргызстан агенттиги акциянын жүрүшүн текст, видео менен жеринен баяндап берди.
Чегинген душмандын артынан бараткан кыргыз жоокер. Фронттон жазылган кат