Бишкекте "Өлбөс полк" жүрүшү чоң салтанат менен аяктады

Быйыл аталган жүрүш Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына карата кадимки тартипте өттү.
Sputnik
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Бишкекте "Өлбөс полк" жүрүшү соңуна чыкты.
Акциянын катышуучулары Дайыр Асанов атындагы парктан баштап "Жеңиш" аянтындагы "Өчпөс отко" чейин келип, гүл коюшту. 20 миңдей адам колдоруна согушка катышкан, оорукта эмгектенген ата-апаларынын сүрөттөрүн көтөрүп чыгышкан.
Жакын арада Бишкектин чок ортосунда масштабдуу "Жеңиш вальсы" акциясы жана майрамдык концерт өтөт.
Эске салсак, акыркы эки жылдан бери "Өлбөс полк" жүрүшү Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаалдан улам онлайн-форматта уюштурулуп келген. Быйыл Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына карата кадимки тартипте өтүүдө.
Sputnik Кыргызстан агенттиги акциянын жүрүшүн текст, видео менен жеринен баяндап берди.
Садыр Жапаров экс-президент менен "Өчпөс отко" гүлчамбар койду. Видео