Психолог адамдын өзүнө болгон сүйүүсүн күчөтүү жолун атады

Адис адам ар дайым өзүнүн тулку боюнан, келбетинен, басып өткөн жолунан артыкчылыктарды көбүрөөк издеши керектигин айтат.
Sputnik
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Киши башкалар менен канчалык гармониялуу мамиле түзө алары анын өзүнө берген баасынан көз каранды. Бул тууралуу психолог Филипп Литвиненкого шилтеме берип “Известия” жазды.
Анын айтымында, көптөгөн чоңдор бала кезинде ата-энесинин мээримине ээ болбогондуктан кийин көп кыйынчылыктарга туш болот.
"Биз сүйүүнү эң биринчи кезекте ата-энебизден алабыз. Эгер кандайдыр бир себептерден улам бала мээрим көрбөй калса, кийин бул нерсе айлана-чөйрөдөгүлөргө сөзсүз билинет. Бирок бул үчүн ата-энелерди күнөөлөбөш керек. Мындай жагдай адамды ого бетер алсыратат”, — деди Литвиненко.
Психологдун айтымында, мындай учурда адам өзүн-өзү сүйүүгө үйрөнүшү керек.
“Өзүн сүйбөгөн жана ички диалогго келе албаган адам кыйынчылыктарды өз алдынча жеңе албайт. Көпчүлүк кыйынчылыктар дал ошондой башталат. Андан арылыш үчүн адам өз мүмкүнчүлүктөрүн туура баалап, позитивдүү нерселерди ойлошу керек. Ошондой эле жашоосундагы майда-барат нерселерден ырахат алганды үйрөнүп алганы жакшы”, — деди психолог.
Мындан тышкары, адис ар дайым адам өзүнүн тулку боюнан, келбетинен, басып өткөн жолунан артыкчылыктарды көбүрөөк издеши керектигин кошумчалады.
Радио
Байышева: конфликт менен зордук-зомбулуктун айырмасы бар