БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Күн менен түндүн алмашып калуусу өнөкөт оорусу бар адамдар үчүн бир топ кооптуу. Бул тууралуу сомнолог Павел Кудинов маек куруп жатып айтканын Бешинчи канал билдирди.
Дарыгер кеч жатып, кеч турганды адатка айлантып алган адамдар бар экенин, бул көрүнүш жетлаг деп аталарын белгилеген. Мында организмдин биологиялык ырааты бузулат. Бул режимде жашагандар кечке уйкусурап жүрөрү, табы айнып, ишке жөндөмдүүлүгү төмөндөп калары айтылды.
"Ал эми кан басымы жогору адамдар үчүн кеч жатып, кеч турган эселеп коркунуч жаратат. Мунун айынан гипертония өрчүп, адамдын жалпы саламаттыгы бир топ начарлайт. Жетлаг жүрөк-кан тамыр же нерв ооруларынан кыйналып жүргөн адамдар үчүн да кооптуу", — деген дарыгер.
Кудинов биологиялык ыргакты калыбына келтирүү үчүн күндө бир саат эрте ойгонууну сунуштаган. Ал эми уйку алдында жалбыз, мелисса, ромашка же пиондун кайнатмасын ичүү дагы организмдин кадимки ыраатына келиши үчүн жакшы жардам берери айтылды.